Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жыргалбек Шакиевди Ленин районунун акими кызматынан бошотту.
Мэриянын басма сөз кызматы ал өзү жазган арыздын негизинде иштен алынганын билдирди. Анын ордуна буга чейин Октябрь районунун акиминин орун басары болуп турган Тариел Айтиев дайындалганын маалымдады.
Жыргалбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун бир тууган иниси. Ал бул кызматка 2023-жылы июлда дайындалган.
Ага чейин Шакиев Чүй районунда жана Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда дагы аким болгон.
Дагы караңыз
Шерине