Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Милиция Улуттук госпиталдагы чырдагы тараптар элдешип алганын билдирди


Улуттук госпиталдагы палаталардын бири. Архивдик сүрөт.
Улуттук госпиталдагы палаталардын бири. Архивдик сүрөт.

Бишкектеги Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү Улуттук госпиталдагы 16-май күнү дарыгер сабалган окуя тууралуу түшүндүрмө берди. Анда аталган ооруканадагы жаңжал каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү маалында тараптар элдешип алганын маалымдады.

"Окуя болгон жерге милициянын тергөө-ыкчам тобу барган. Чырга катышкандардын тек-жайы такталган. Бул окуядагы эки тарап тең бири-бирине дооматы жок экенин айтып, арыз жазгандан баш тарткан. Чыр-чатак тынчтык жолу менен чечилген. Жаңжал тартылган видеодо милиция кызматкери болгон эмес", - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев ооруканаларда дарыгерлер сабалган окуялардан улам ички ички иштер министрине, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасына кайрылган. Ал Фейсбуктагы баракчасына дарыгерлерге кол салууга күнөөлүү деп табылгандар сөзсүз жоопко тартылышы керектигин жазган.

Чечейбаев Улуттук госпиталдагы чырда эки тарап элдешип алган жагдай тууралуу азырынча үн ката элек.

Улуттук госпиталда ага чейин дагы бир дарыгер сабалган учур катталган. Оорукананын ординатору менен бейтаптын жакындарынын ортосундагы чыр талаш-талкуу жараткан.

Милиция дарыгерге каршы арыз түшкөнүн билдирген, "майда бейбаштык" беренеси менен иш козгоп, сот аны үч суткага камап койгон жана бул нааразылык жараткан.

Ординатор бейтаптын жакындары аны сабаганын, мээси чайкалып ооруканада жатканын билдирсе, экинчи тарап аны орой мамиле кылып, тилдеди деп милицияга кайрылган.

Бул окуяга байланыштуу Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын жамааты билдирүү тараткан. Анда жамаат Башкы прокуратурага, ИИМге, УКМКга кайрылып, окуяны бейтарап текшерип берүүнү өтүнгөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG