Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:58

Трамптын 50 күндүк эскертүүсү. Путиндин жообу кандай болот?


иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Украинадагы согушта олуттуу бурулуш болобу? Дүйшөмбүдө АКШнын президенти Дональд Трамп Киевге курал-жарак жиберүүнүн жаңы планын жарыялады. Америкалык лидер Москва тынчтык келишимине көнбөсө орусиялык импортко 100% тарифтер киргизилерин эскертти.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Трамптын соңку билдирүүлөрүн талдап чыгууга убакыт керектигин билдирди.

Америкалык президенттин Киевди курал-жарак менен камсыздоо тууралуу билдирүүсү, албетте, карапайым украиналыктарды кубандырганы менен айрымдары Трамп убадасына турабы деген күмөн саноосун жашырбайт:

"Биз үчүн бул абдан маанилүү, курал абадай керек, бирок сөздөн ишке өтүү зарыл. Буга чейин согушту 24 саатта токтотом деген убаданы угуп келдик. Бирок курал-жарак берүү маселеси бүгүн биз үчүн абдан маанилүү. Курал келе баштаса, анда чындыгында бул абдан жакшы кабар", - деди Сергей Гончаров.

"Жакшылыкка үмүт арталы. АКШ жана НАТОдон башка кимге үмүттөнөбүз, аларсыз бул агрессияга туруштук бере албайбыз. Күтүп туралы. НАТОнун ракеталарын, жок дегенде "Пэтриот "системаларын беришер. Эң жакшысы ATACAMS же Taurus болмок. Жагымсыз өлкөнү ордуна коюш үчүн", - дейт Олена Капушина.

Трамптын эскертүүсү, Кремлдин жообу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:15 0:00

14-июлда президент Трамп Орусия 50 күндүн ичинде Украинадагы урушту токтотуу үчүн макулдашууга көнбөсө Москва жана анын соода өнөктөштөрү "өтө катаал" бажы тарифтерине кабыларын эскерткен.

"Орусияга абдан нааразыбыз, мен дагы нааразымын. Биз муну балким башка күнү талкуулайбыз. 50 күндүн ичинде макулдашууга жетишилбесе катаал бажы төлөмдөрүн киргизебиз. 100% чейин тариф болушу мүмкүн. Аны экинчи даражадагы тариф деп атаса болот. Бул эмнени билдирерин билесиңер. Мен сооданы ар кандай максатта колдоном, бул урушту токтотуу үчүн да жакшы ыкма. Бул коркунучтуу согушту аягына чыгарыш керек... Көптөгөн курулай сөз айтылып жатат, анан Киевге ракеталарды жаадырышат", - деди америкалык лидер 14-июлда журналисттерге.

Ал НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен Ак үйдө жолукканда Москва менен макулдашууга жетишебиз деп турганын, согушту токтотуу үчүн соода "жакшы курал" болуп берерин белгиледи.

Трамптын айтымында, Вашингтон жана анын өнөктөштөрү НАТОго кирген Европа өлкөлөрүнүн эсебинен Украинага курал-жабдык жиберүүнү макулдашты. Курал-жабдыкты жеткирүүнү аскердик блок координациялайт.

Трамп ошондой эле Киевге абадан коргонуучу 17 "Пэтриот" системасы берилерин, алар "тез арада" майданга жеткирилерин айтты. Ачык маалыматка караганда ушул тапта Украинада мындай жети система бар.

Москва ок атышууну токтотуп, тынчтыкка жетүү үчүн өз шарттарын коюп, анын ичинде Украинанын төрт облусунан украин армиясынын чыгып кетишин талап кылган. Киев Кремлдин шарттарын кескин четке каккан.

Америкалык президенттин жаңы ультиматумуна биринчи болуп Орусиядан мурдагы президент, Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев үн катты:

“Трамп Кремлге театрлашкан шарт койду. Анын кесепети кандай болот дегенде дүйнө титиреп кетти. Согушчул Европанын купулуна толгон жок. Орусияга анын ысык-суугу жок”, - деп жазды Х социалдык тармагына Медведев англис тилинде.

Москванын өкүлү ошондой эле Орусия “атайын аскердик операциянын” (Украинага каршы согушту орус бийлиги ушинтип атайт) өтөлүнө чыгуу үчүн алга жыларын кошумчалады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Трампка Киевди колдогону үчүн ыраазычылык билдирди:

"АКШнын атайын чабарманы Кит Келлог Украинадагы сапарын баштады. Генерал менен кездешүү абдан жемиштүү өттү. Президент Трампка биздин элди коргоого даярдыгы үчүн ыраазымын".

АКШнын президенти Ак үйгө кайтып келгенден бери Украинадагы согушту токтотуу багытында аракетин улантууда. Трамп Путин менен бир нече жолу телефондон сүйлөшкөн. Вашингтон тараптардын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө арачы түшкөн. Айрым талдоочулар Москванын тынчтык орнотууга көнбөгөнү америкалык лидерди конкреттүү чара көрүүгө түрттү деген пикирди айтышат.

"Трамп абдан маанилүү бир нерсени айтты: Европанын күчтүү болгону жакшы көрүнүш. Менимче, бул Украинага карата саясатына караганда Трамптын жана Американы кайра кубатуу кылабыз (МАГА) деген кыймылынын позициясынын радикалдуу өзгөрүүсүнөн кабар берет. Вице президент Вэнс кызматка киришкенден көп өтпөй Мнхендеги коопсуздук конференциясына катышканда европалыктарды "сөз эркиндигин чектейсиңер" деп сындаган. Кошмо Штаттарда өзгөчө ички жана экономикалык саясатка келгенде өздөрүн Европага каршы койгон көрүнүш узактан бери келатат.

Трамп аны чектен чыккан деңгээлге жеткирип, көптөр ал Путин менен Европага каршы жакындашат деп ойлогон. Кубаттуу Европа - оң көрүнүш деген идея менимче, Трамптын көз карашындагы олуттуу фундаменталдуу жылыш. Калганы – Орусия саясаты, Украина саясаты, башка өлкөлөргө карата саясаты ошол көз караштан келип чыгат. НАТОнун курамындагы АКШ менен Европанын биримдиги пайда алып келет деген ой абдан маанилүү.

Трамптын санкцияларды өз алдынча салып же алууга айрым укугу бар. Бирок Конгресс ал ыйгарымдарды кеңейтиши ыктымал. Бул абдан маанилүү жагдай, себеби Трамп Путинге көп нерсени сунуш кылган. Алар: Украинанын аймагынын бештен бир бөлүгү, айрым санкциялардан жеңилдик, агрессивдүү кол салуу жана согуш кылмыштары үчүн жоопкерчиликке байланышкан кол тийбестик, Украина НАТОго кошулбайт деген кепилдик. Путиндин буга көнбөй койгону Трампты чара көрүүгө түрттү", - деген пикири менен Америка таануучу Сергей Санович бөлүштү.

Киевдин европалык өнөктөштөрү да Трамптын чечимин кубатташууда.
15-июлда Даниянын тышкы иштер министри Ларс Локке Расмуссен анын өлкөсү Украинаны "Пэтриот" комплекстери менен камсыздоо ишине катышарын билдирди. Министр эң негизгиси АКШ андай куралды берүүгө даяр экенин белгиледи.

Буга чейин Германия Кошмо Штаттар менен "Пэтриот" системаларын Украинага жөнөтүү тууралуу макулдашылганын билдирген.

Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас АКШнын Орусияга карата катаал позицияны ээлегенин кубаттады, бирок расмий Москвага берилген 50 күндүк мөөнөттү "өтө узак" деп баалады.

Орусиянын Коргоо министрлиги 15-июлга караган түнү өздөрүнүн беш аймагынын жана Кара деңиздин үстүнөн Украинанын кеминде 55 дрону атып түшүрүлгөнүн, бир канча адам жараат алганын билдирди.

Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев соңку соккуда бери дегенде 16 киши, анын ичинде бир өспүрүм жараат алганын, бир аял ооруканага жеткирилгенин кабарлады. Украина шейшембиге караган түнү орус армиясы бир канча аймагын дагы аткылаганын билдирди. Ага ылайык, Сумы облусунда психдиспансердин корпусу жана 10дон ашык көп кабаттуу үй жабыркады, бир адам жараат алды. Донецк облусундагы чабуулда төрт тургун жараат алып, ооруканага жеткирилди.

Шерине

XS
SM
MD
LG