Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

Захарова Орусия Семенов-Тян-Шанскийдин айкелине байланыштуу жагдайга көз салып жатканын билдирди


Петр Семенов-Тянь-Шанскийдин эстелиги. Интернеттен алынган архив сүрөт.
Петр Семенов-Тянь-Шанскийдин эстелиги. Интернеттен алынган архив сүрөт.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарындагы Петр Семенов-Тян-Шанскийдин айкелине байланыштуу жагдайга Бишкектеги орус элчилиги көз салып жатканын билдирди. Ал бул тууралуу телеграм каналына жазды. Айкел оңдоо-түзөө үчүн алынганын, эстелик турган жер көрктөндүрүлгөндөн кийин кайра коюларын билдирди.

Буга чейин Балыкчы мэриясынын аппарат жетекчиси Алмаз Байгазиев изилдөөчү Петр Семенов-Тян-Шанскийдин эстелигинин алынганы тууралуу “Азаттыкка” комментарий берип, айкел турган жер оңдолгондон кийин кайра коюларын маалымдаган.

Балыкчыдагы Семенов-Тянь-Шанскийдин эстелиги алынганы ушул айдын башында белгилүү болгон. Бул айкел 1982-жылдары орнотулган.

Орус географы Петр Семенов-Тян-Шанский 1856–1857-жылдары Теңир-Тоого саякат жасап, Сары-Жаз суусунун башындагы ири мөңгүлөрдү изилдеген. Теңир-Тоо аймагынын илимий изилдөөсүнүн 50 жылдыгына байланыштуу анын фамилиясына "Тян-Шанский" деген кошумча ат берилген.

Учурда анын иликтөөсүнө байланыштуу маалыматтар, изилдөөчүнүн өзү тууралуу пикирлер бир кылка эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG