Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

"Катында кысымга кабылганын жазган". Армиядагы дагы бир өлүмдүн чоо-жайы иликтенүүдө


Кыргыз армиясынын жоокерлери. Сүрөттүн макалага тиешеси жок. Иллюстрация үчүн колдонулду.
Кыргыз армиясынын жоокерлери. Сүрөттүн макалага тиешеси жок. Иллюстрация үчүн колдонулду.

Аскер прокуратурасы Жалал-Абаддагы аскер бөлүгүндө асынган абалда табылган жоокердин өлүмүн иликтей баштады.

Аскерде дагы бир өлүм катталды

Жалал-Абадда Жазаларды аткаруу кызматынын аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн 20 жаштагы жоокер асынган абалда табылды. Ал өлүмүнө себеп болгон жагдайларды катка жазып кеткени айтылууда. Аскер прокуратурасы бул боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзүп жатканы маалым болду. Акыйкатчы институту бул ишти өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Расмийлер “армияда чоңсунуу, уруп-сабоо” жок экенин айтып келет. Бирок соңку учурда суицид күчөгөнүн көрсөткөн бир нече окуя ачыкка чыкты. Ошондой эле аскерде сабалып, ооруканага түшкөн фактылар катталган.

20 жаштагы жоокердин өлүмүнө алып келген окуя 16-июлда катталган. Ал аскерге жазында Нарындын Кочкор районунан чакырылып, аталган кызматтын Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан. Аскер прокуратурасы бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканын маалымдады. Тергөө жүрүп жаткандыктан, кеңири маалымат бере албай турганын прокуратуранын басма сөз катчысы Нурлан Абдыкадыров билдирди.

"Иш козголуптур. Аскер прокуратурасынын Жалал-Абад горнизону тергеп жатыптыр", - деди Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Нурлан Абдыкадыров.

Акыйкатчы институтунун Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү аталган аскер бөлүгү Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылында жайгашканын тактады. Акыйкатчы тараткан маалыматта, жоокер өзүнүн куру менен жылытуу системасынын түтүгүнө асынып алганы айтылат.

"Чогуу кызмат өтөгөн жоокерлердин айтымында, алар шашки ойноп, андан кийин Т.Б. газондорго коюлуп жаткан сууну текшерүүгө кеткен. Жарым сааттан кийин аны асынып турган абалда табышкан. Маркум кат калтырып кеткен. Бирок Омбудсмен институтунун өкүлдөрү аны менен тааныша алган жок, анткени Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат аталган институт тараткан маалыматта.

"Кат жазып калтырган"

Аскер бөлүгүнүн командиринин айтымында, маркум катында аны менен чогуу кызмат өтөгөн жоокер тарабынан психологиялык кысымга кабылганын жазган.

"Маркум жоокер 2025-жылдын 21-апрелинен баштап кызмат өтөгөн. Батальондун командиринин маалыматында, жоокер аскер бөлүгүнө түшкөндө психолог ага көз салып турууну сунуштаган. Андыктан командир аны радист кылып дайындап, өзүнүн кабылдамасына олтургузган. Аскер бөлүгүндөгү жоокерлердин пикиринде, Т.Б. үч айлык кызматынын ичинде тынч жүрүп, эч ким менен чатакташкан эмес, аз сүйлөп, ден соолугу чың болчу", -деп маалымат берди Акыйкатчы институтунун Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жоокердин денесинде зордук-зомбулуктун белгилери табылган эмес. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигин мындай окуялардын алдын алуу боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө чакырды.

"Жоокерлердин энелери" республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатованын "Азаттыкка" айтымында, маркум катында бул кадамга барганына күзүндө чакырылган жоокер себеп болгонун белгилеп, анын атын дагы жазган.

"Жалал-Абадда өзүн өлтүргөн факт чындыгында болуптур. Өзү кат дагы жазып бериптир, демек күнөөлүүлөр дагы бар да. Бул боюнча прокуратура менен сүйлөштүм, иш козголуп, тергөө башталды. Мен өкүлүмдү жөнөтүп, ал өлүкканага чейин барып келди. Мен өзүм дагы барып, жоокерлердин бардыгынан анонимдүү кат алам. Мага айткан маалыматтарга караганда, өзүн өлтүрүүгө жеткирип, мазактаган окшойт. Жөн эле өлө бербейт да, бир нерсе болду. Фамилиясын дагы жазып калтырганына караганда, бир нерсе болгон. Эми калганы барып, жеринен таанышканда белгилүү болот", - деди ал.

Өткөн айда эле Жаза аткаруу кызматынын дагы бир жоокери суицидге барганы белгилүү болгон. Маалыматтарга караганда, ал жоокер Бишкекте соттолуучулардын бирин гемодиализ алуу үчүн медициналык мекемелердин бирине коштоп баргандан көп өтпөй эле ажатканага кирип өзүн-өзү атып алган. Окуянын себептери айтылган эмес.

Ал да 20 жашта болгону, Молдовановка айылындагы №7412 аскер бөлүгүндө май айынан бери кызмат өтөп жатканы айтылган.

Бул фактыны дагы Аскердик прокуратура тергеп-иликтеп жатат жана кененирээк маалымат бериле элек.

Кыргызстанда аскер бөлүктөрүндөгү уруп-сабоолор, чоңсунуу жана аягы өлүм менен аяктаган окуялар утур-утур катталууда. Кыска убакыттын ичиндеги кайталанган мындай окуялар аскердеги чоңсунууга байланыштуу талкууга жем таштады.

Армиядагы чоңсунуу качан токтойт?

"Жоокерлердин энелери" республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова азыр армияда көзөмөл жана талап кыйла күчөгөнүн белгиледи. Анын айтымында, мындай чоңсунуу көрүнүштөрү көбүнесе эки башка убакта аскерге чакырылгандар арасында кездешет.

Уулкан Байгубатова.
Уулкан Байгубатова.

"Азыр мурдагыдай эмес, азыр көзөмөл абдан катуу. Офицерлер үйүндө эмес, аскер бөлүмүндө эле жашап калышкан. Талап абдан катуу. Мындайга деле барчу эмес, кандайча болуп кеткенин түшүнбөй калдым. Ал жакта эки жолу чакырылат да аскерге, биз ошондон утулабыз. Азыр чоңсунууну жоготобуз деп бир убакта чакырууга өткөнбүз да. Ал эми Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү департаментинде эле эки убакта чакырылат. Анткени кызматы ошондой, түрмөлөрдү күнү-түнү текшерип, көзөмөлдө болот. Ошондой эки убакта чакырылган жерде демейде чоңсунуу болот. Бирок муну деле командачылык токтотуп, жакшы карап жаткан", - деди Байгубатова.

Аскерлерди армияга чакыруу ишине Коргоо министрлиги жооптуу. Аскер комиссариаттары дагы ушул министрликке карайт. Медициналык текшерүүлөрдөн өтүп, армияга жарактуу деген корутундудан кийин жоокерлер ар кайсыл мекеменин (Коргоо, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Чек ара, Жазаларды аткаруу кызматтары) аскер бөлүктөрүнө чакырылат. Аталган министрлик буга чейин "Азаттыктын" суроосуна жооп берип, армияда чоңсунуу, уруп-сабоо көрүнүштөрү дээрлик жоюлганын билдирген.

"Чоңсунуу же “дедовщина” деген түшүнүк мурдагы советтик армияда абдан кеңири таралган. Чоңсунуу – кызмат өтөгөн ар кандай мезгилдеги аскер кызматчыларынын тагыраак айтканда, мурунку чакырылыштагы аскер кызматчысынын, кийинчерээк (жаш) чакырылган аскер кызматчысына карата же тескерисинче өз ара мамилелеринин уставдык эрежелерин бузуу. Ал кезде бир бөлүктө төрт түрдүү мөөнөттөгү аскер кызматчылары бирге кызмат өтөшчү, ал эми учурда кыргыз армиясында аскер кызматына чакыруу, бир чакыруу принциби боюнча жүргүзүлөт. Бул “дедовщина” сыяктуу чоңсунуу укук бузууларын жокко чыгарат. Коргоо министрлигинин аскердик жамаатында жеке адамдын укуктарын бузуу, аскер кызматчыларын шылдыңдоо жана кордоо, казармалык бейбаштык фактылары толугу менен жоюлгандыгын белгилейбиз", - деп жооп берген.

Ошондой эле акыркы 3-4 жылда Коргоо министрлигинин жетекчилиги тарабынан аскердик ведомствонун аскерлеринде (күчтөрүндө), кошуундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде өзүн-өзү өлтүрүү фактыларын жана инциденттерин алдын алуу жана аскер кызматчылары менен профилактикалык иштерди күчөтүүгө атайылап өзгөчө көңүл бурулуп жатканы белгиленген.

Анткен менен аскерде сабалып, ооруканага түшкөн фактылар катталган. “Азаттык” бул маселе тууралуу жакында эле атайын берүү даярдаган эле. Анда Сузак районунун тургуну, 18 жаштагы Бакыт Базарбаев былтыр күзүндө медициналык комиссиядан өтүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаарындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөөгө баргандан бир апта өтпөй, ата-энесин тааныбай калган абалга жеткени баяндалат.

Жоокер армияда ур-токмокко кабылганын "Азаттыкка" айтып берген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бакыттын токмок жегенин төгүндөгөн. Бул иш боюнча экинчи экспертиза дайындалган.

Өткөн жыл соңунда Улуттук гвардияда кызмат өтөп жаткан жоокер Эрик Шаршенбаев ур-токмокко кабылып, шишип, кан сийип оор абалда ооруканага түшкөн. Дарыгерлер бул учурда дагы алгач жоокердин өнөкөт оорусу армияда козголгон деп жооп берип, уруп-сабоонун белгилери жок деп билдиришкен. Коргоо министрлиги жоокерге карата уставга жат көрүнүш катталганын "Азаттыкка" ырастап, Шаршенбаев ден соолугуна байланыштуу Куралдуу күчтөрдүн катарынан бошотулганын билдирди. Гвардиянын кенже-сержанты К.К. күнөөлүү деп табылган. Бирок кылмыш иши тараптардын жарашуусунан улам токтотулган. Министрликтин маалыматында, кенже-сержант Куралдуу күчтөрдүн катарынан бошотуу тууралуу документ тапшырган.

Укук коргоочулар болсо ушундай көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн армияга барчу балдардын жашын жогорулатууну сунуштап келет. Алардын бири "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова армияда кызмат өтөө жеңил эместигин белгилеп, азыр балдар 18 жашында ага даяр болбой жатат деп эсептөөдө:

Гүлшайыр Абдирасулова.
Гүлшайыр Абдирасулова.

"Мурдагы балдар менен азыркы 18 жаштагыларды салыштырууга болбойт. Азыр көбү телефон кармап, диванда чоңойгондор. Биздин убактагыдай физикалык жактан даяр эмес. Ошол себептүү биз армияга чакыруу курагын көтөрүүнү сунуштаганбыз. Армия эмне оюнчук беле, курорт беле деп айтышат. Чындыгында армияда кызмат өтөө оор. Бир күндө жүз кадам кылбаган бала оор өтүк кийип алып плац аянтында буттарын өйдө-ылдый кылып басат. Бул өйдө жагына тебет. Эмнеге армияда варикоцеле деген оору көп болуп жатат? Мында сандын ички жагында варикоздор чыгып баштайт. Бирок ал бала психологиялык, физикалык жактан оорукчан эмес. Булар мурунку коюлган стандарттарга убагында жетпей калып жатат".

Башкы прокуратуранын маалыматында, 2020-2021-жылдары онго жакын жоокер суицидге барган болсо, 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. Андан тышкары зордук-зомбулукка байланыштуу бир катар фактылар катталган.

Шерине

XS
SM
MD
LG