Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

Өкмөт Улуттук хирургия борборуна 256 миллиондой сом бөлдү


Улуттук хирургиялык борбор. Архивдик сүрөт.
Улуттук хирургиялык борбор. Архивдик сүрөт.

Кыргыз өкмөтү Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтуна (Улуттук хирургия борбору) медициналык жабдууларды алуу үчүн 256 миллиондой сом бөлдү. Тиешелүү тескемеге 18-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

"Мындай чечим аталган илим-изилдөө институттагы 11-февралдагы өрттөн кийин анын үзгүлтүксүз иштешин камсыздап, адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүнү кайра баштоо максатында кабыл алынды. Саламаттык сактоо министрлигине бул каражаттын максатка ылайык пайдаланылышын камсыз кылуу тапшырылды",-деп жазылган маалыматта.

Бул борбордо быйыл 11-февралдагы өрттүн кесепетинен 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм каза тапкан.

Саламаттык сактоо министрлиги алар операциядан кийин оор абалда реанимацияда жаткан бейтаптар болгонун, эвакуациялоо учурунда көз жумганын билдирген. Өрттөн дагы тогуз адам жабыркаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Өрттү көзөмөлдөө кызматы бул медициналык жай өрт коопсуздук талаптарына жооп бербей турганы аныкталганын билдирген.


Шерине

XS
SM
MD
LG