АКШ Украинага Patriot ракеталарын жөнөттү
Украинанын Днепр шаары соңку түнү жапырт соккуга кабылганын, бир киши каза тапканын өлкөнүн Ички иштер министрлиги кабарлады. Доброполье шаарында набыт болгондордун саны үч кишиге жетти. Өз кезегинде Орусиянын расмий өкүлдөрү Белгород жана Воронеж аймактары украиналык дрондордун чабуулуна туш болгонун, кеминде эки кишинин өмүрү кыйылганын билдирди. Ал арада АКШ президенти Дональд Трамп Киевге узакка аткылоочу Patriot ракеталарын жөнөттү
Шерине