Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын чек аралары кездешкен чекит тууралуу келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул документти Жогорку Кеңеш 25-июнда кабыл алган.
"Бул мыйзамдын максаты Кыргызстандын "Эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" мыйзамдарына ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат. Ушул мыйзам менен 2025-жылдын 31-мартында Кожент шаарында кол коюлган үч мамлекеттин чек араларынын кесилишүү чекити жөнүндө келишимди ратификациялоо сунушталат",-деп жазылган маалыматта.
Үч өлкөнүн президенттири бул келишимге 31-мартта Тажикстандын Кожент шаарында кол коюшкан. Чек аралары кесилишкен чекитте символикалык стела орнотулган.
Кыргыз, тажик жана өзбек чек аралары кесилишкен чекит жөнүндөгү келишим ратификациялады

Дагы караңыз
Шерине