Умеров Украинанын Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы болду

Рустем Умеров.

Укринанын мурдагы коргоо министри Рустем Умеров Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрук президенттин кеңсесинин сайтына жарыяланды. Ал коргоо министри болуп 2023-жылдын сентябрь айынан тартып иштеп келе жаткан.

Умеров Украинанын АКШдагы элчиси болот деген сөздөр чыккан, бирок 17-июлда бул кызматка Ольга Стефанишина көрсөтүлгөн.

Умеров Стамбулдагы Киев менен Москванын сүйлөшүүлөрүндө украин делегациясын жетектеп барган.

Жаңы коргоо министри болуп министрлер кабинетинин мурдагы башчысы Денис Шмыгаль дайындалды.

Украин парламенти - Жогорку рада 17-июлда Юлия Свириденко жетектеген өкмөттүн жаңы курамын бекиткен. Свириденко буга чейин биринчи вице-премьер жана экономика министринин кызматын аркалап келген.

14-июнда Зеленский Свириденкого өкмөттү жетектеп, анын ишин "олуттуу жаңылоону сунуш кылганын" айткан.

Дагы караңыз

Захарова Орусия Семенов-Тян-Шанскийдин айкелине байланыштуу жагдайга көз салып жатканын билдирди Кыргыз, тажик жана өзбек чек аралары кесилишкен чекит жөнүндөгү келишим ратификациялады Ош милициясы жүзүн жашырган он аялга 20 миң сомдон айып пул салынганын билдирди Жыргалбек Шакиев Бишкектеги Ленин районунун акими кызматынан бошотулдуУКМК Бишкектеги оңдолгон жолдордун сапатын, кеткен каражатты текшере баштады Фицо Орусияга каршы санкциялардын жаңы топтомун колдой турганын айттыБалыкчынын экс-мэрине Соң-Көлдөгү автоээнбаштыгы үчүн айып пул салынды Казакстанда никеге турууга мажбурлагандарга жаза күчөтүлдү Жамалбек Ырсалиев Бишкектин вице-мэри кызматынын бошотулду