Президент Садыр Жапаров мамлекеттин акчасына кол салгандар жазасыз калбасын эскертти. Бул тууралуу ал 16-июлда Фейсбуктагы баракчасына жазды.
"Мамлекеттин акчасына кол салган бир дагы чиновник кеч болсо да жазасыз калбайт. Ошондуктан азыртадан оңолгула. Биздин убагыбызда мамлекеттин акчасын уурдоо деген болбош керек", - деп жазды Жапаров.
Мунун алдында Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 16-июлда Бишкектеги Тунгуч кичи районуна барган маалда шаардын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев камакка алынган. Анда Ташиев тургундар менен жолугуп, райондун айрым көйгөйлөрүн уккан.
Ташиев Ырсалиев Тунгучтагы сейил бак курулат деген муниципалдык жерде объектилери бар экенин айтып, алты жылдан бери алардын ижара акысын төлөбөй келе жатканын билдирип, ошол жерден камоого буйрук берген. Вице-мэрге байланыштуу дагы башка фактылар териштирилип жатканын, укуктук баа берилерин айткан.
УКМКнын төрагасы соңку апталарда аймактарды кыдырып, жыйындарды өткөрүп жатат. Чогулуш маалында бир катар жетекчилер кармалып же кызматтан кеткен учурлар болууда.
Шерине