Жыргалбек Шакиев Бишкектеги Ленин районунун акими кызматынан бошотулду

Жыргалбек Шакиев.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жыргалбек Шакиевди Ленин районунун акими кызматынан бошотту.

Мэриянын басма сөз кызматы ал өзү жазган арыздын негизинде иштен алынганын билдирди. Анын ордуна буга чейин Октябрь районунун акиминин орун басары болуп турган Тариел Айтиев дайындалганын маалымдады.

Жыргалбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун бир тууган иниси. Ал бул кызматка 2023-жылы июлда дайындалган.

Ага чейин Шакиев Чүй районунда жана Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда дагы аким болгон.

Дагы караңыз

Захарова Орусия Семенов-Тян-Шанскийдин айкелине байланыштуу жагдайга көз салып жатканын билдирди УКМК Бишкектеги оңдолгон жолдордун сапатын, кеткен каражатты текшере баштады Ош милициясы жүзүн жашырган он аялга 20 миң сомдон айып пул салынганын билдирди Фицо Орусияга каршы санкциялардын жаңы топтомун колдой турганын айттыБалыкчынын экс-мэрине Соң-Көлдөгү автоээнбаштыгы үчүн айып пул салынды Казакстанда никеге турууга мажбурлагандарга жаза күчөтүлдү Жамалбек Ырсалиев Бишкектин вице-мэри кызматынын бошотулду ЕБдин өкүлдөрү Орусияга каршы жаңы санкция салууну дагы макулдаша алган жок Милиция Улуттук госпиталдагы чырдагы тараптар элдешип алганын билдирди