Балыкчынын экс-мэрине Соң-Көлдөгү автоээнбаштыгы үчүн айып пул салынды

Султан Кермалиев.

Балыкчынын мурдагы мэри Султан Кермалиевге Соң-Көл жайлоосундагы автоээнбаштыгы үчүн айып пул салынып, машинасы айып короого токтотулду. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Алаканыңарды чаба берсеңер болот, айып пул салышты, машинаны айып короого алып кетишти. Карамүртөз кылмышкер жазаланды, акыйкаттык орноду", - деп жазды Кермалиев жана протокол толтурулуп жаткан учур тартылган сүрөттү жарыялады.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы буга байланыштуу азырынча маалымат бере элек.

Мунун алдында Кермалиев машинасын катуу чимирилте айдап, Соң-Көл жайлоосунун шиберин тебелетип жатканы тартылган видеолор тараган жана бул коомчулукта талаш-талкуу жараткан. Аны мыйзам чегинде жоопко тартууну талап кылгандар чыккан.

Президент Садыр Жапаров Кермалиевди Балыкчы шаарынын мэри кызматынан 14-июлда бошоткон. Ал бул кызматта болгону 12 күн гана отурган.

Кермалиевдин мэр болуп дайындалгандан кийинки "СерепТВ" телеканалына курган маеги интернетте талкуу жараткан. Соцтармак колдонуучулары арасында анын эфирде өзүн алып отурганын, кийимин жана орусча аралаштырып сүйлөгөнүн сындагандар арбын болгон.

Президент Садыр Жапаров анын жүрүм-туруму тууралуу комментарий берген. "Кабар" агенттигине курган маегинде жаңы мэр кызматтык этиканы сактабаганын айтканы менен Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларында жакшы иштерди жасаганын белгилеген.

36 жаштагы Кермалиев буга чейин Чолпон-Атада көл жээгине комуздун формасындагы пирсти, Балыкчыдагы көл жээгине грек мифологиясындагы каармандар Зевс жана Посейдондун скульптурасын тургузган.

Дагы караңыз

ЕБдин өкүлдөрү Орусияга каршы жаңы санкция салууну дагы макулдаша алган жок Милиция Улуттук госпиталдагы чырдагы тараптар элдешип алганын билдирди Жаза аткаруу кызматынын дагы бир жоокери өз өмүрүнө кол салып мерт болду УКМК Ырсалиев кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шек саналып камалганын билдирди Чечейбаев дарыгерлер сабалган окуялардан улам ИИМ менен УКМКга кайрылды Орусиянын соккусунан Донецкиде эки адам набыт болуп, дагы 27си жараат алдыCPJ Кыргызстанда "фейк жаңылыктар тууралуу" мыйзам кабыл алынганына камтамачылык билдирди Садыр Жапаров казынага кол салгандар жазасыз калбасын эскертти