Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:33

Израил Cирия армиясынын башкы штабына дрон менен сокку урганы кабарланды


Сириянын мамлекеттик телеканалы SANA Сириянын Коргоо министринин имаратынан кара түтүн чыгып жатканын көрсөттү, 16-июль, 2025-жыл.
Сириянын мамлекеттик телеканалы SANA Сириянын Коргоо министринин имаратынан кара түтүн чыгып жатканын көрсөттү, 16-июль, 2025-жыл.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) шаршембиде Дамаск шаарындагы Сирия армиясынын Башкы штабынын имаратынын кире беришине дрон менен сокку урганы кабарланды. ЦАХАЛ буга чейин Сириядагы этностук друз азчылыгын коргоо үчүн өкмөттүк күчтөргө чабуул коюп жатканын жарыялаган.

Сириянын түштүгүндө друз менен бедуиндер кагылышканда өкмөттүк күчтөр аралашып, 200дөн ашуун киши өлдү.

Сириянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү жаңжалды "диний чыр-чатак эмес, мамлекет менен бандиттер ортосундагы кармаш" деп сыпаттады.

Мурдарак Сириянын армиясы друздар менен бедуиндер кармашкан Сувайда шаарына кирген. Куралдуу кагылыштарда 30 киши набыт болуп, 100гө чамалуу адам жарадар экенин Сириянын Ички иштер министрлиги билдирди. Сириядагы адам укуктарына абай салган обсерватория армия киргенден кийин 250гө чукул киши өлгөнүн билдирди. Друз азчылыгынын лидерлеринин бири шейх Хикмат ал-Хажри сирия өкмөтүн "жарашууну бузду жана шаарды бомбалады" деп айыптады. Сирия армиясы болсо жооп чара иретинде гана ок чыгарып жатканын билдирди.

ЦАХАЛ шейшембиде Сувайда шаарындагы сириялык аскерлерге сокку урган. Расмий билдирүүдө Израил “жакындык байланышы бар друз калкы кабылып жаткан зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн” Сирияда атайын операция өткөрүп жатканы белгиленет.

Сириялык козголоңчулар былтыр жыл этегинде Асаддын режимин төңкөргөндөн бери Израил чек арадагы тилкелерди ээлеп алып, Сириянын аймагына бир нече жолу сокку урган. Анда да алар друз азчылыгын коргоону жүйө келтирген.

Бирок дипломатиялык алака түзбөгөн Израил менен Сирия акыркы кезде бир нече жолу сүйлөшүү өткөргөн. Тел-Авивдин расмий өкүлдөрү Дамаск менен тынчтык макулдашуусун түзүүнү каалаганын билдирген. Өткөн ишембиде Сириянын президенти Ахмед аш-Шараа Азербайжанга барганда сириялык жана израилдик аткаминерлер жолукканын дипломатиялык булактар кабарлаган. Аш-Шараа ал кездешүүгө катышкан эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG