Тажикстандын бийлиги Тоолуу Бадахшан автоном облусунан чыккан спортчуларга Дубай шаарында өтчү исмаилиттердин "Глобалдык таймаштар - 2025" фестивалына катышууга тыюу салды. Бул тууралуу Pamir Inside басылмасы өз булактарына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, Тоолуу Бадахшан облусунун губернатору Алишер Мирзонабот Тажикстандын жаштар саясаты жана спорт комитетине кат жолдоп, "такталбаган кооптонуулардан улам" спортчуларга сыртка чыгарууга уруксат бербөөнү суранган.
Мекеме андан кийин спорт мектептерге жана атлеттерге кат жиберип, "жоопкерчиликке тартыласыңар, иштен айдаласыңар" деп эскерткен.
Бул каттан кийин 1500 атлет, машыктыруучу жана ыктыярчы кысымга кабылганын Pamir Inside өз булактарына таянып жазат.
Коңшу өлкөнүн Жаштар саясаты жана спорт комитети эл аралык фестивалдын уюштуруучуларына да кат жолдоп, тажикстандык спортчулардын Дубайга бара албай калганын башка мелдештерге даярданып жатканы менен түшүндүргөн.
"Глобалдык таймаштар 2025" фестивалы Дубайда 20-27-июлда өтөт. Дүйнонүн ар кайсы жеринен чогулган исмаилиттердин өкүлдөрү маданий жана спорттук мелдештерде беттешет. Буга чейин тажикстандык спортчулар мелдештерге тоскоолдуктарсыз эле катышып жүргөн.
АКШнын Дин эркиндиги боюнча комиссиясы соңку баяндамасында Тажикстанда бийлик диний топторго басым-кысымды күчөтүп, дин тутуу эркиндигин кескин чектеген мыйзамдарды кабыл алып жатканын белгилеген. Коңшу өлкөдө жашаган исмаилиттерди жана шийилерди күч органдары кармап, эркиндигин чектеген учурлар арбын экени айтылган.
Шерине