Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:51

Украина: Зеленский өкмөттү башкарууну Юлия Свириденкого сунуш кылды


Зеленский менен Свириденко
Зеленский менен Свириденко

Украинанын президенти Владимир Зеленский биринчи вице-премьер Юлия Свириденкого өкмөттү жетектөөнү сунуш кылды. Бул тууралуу Зеленский дүйшөмбүдө Свириденко менен жолуккандан соң жазды.

"Украинанын экономикалык кубатын бекемдөө, украиналыктарды колдоо программасын кеңейтүү жана курал-жарак чыгарган өзүбүздүн өндүрүштү кеңейтүү тууралуу так чараларды талкууладык. Ушул максатта Украинанын аткаруу бийлигинин трансформациялоо системасын баштайбыз. Юлия Свириденкого өкмөттү башкарууну жана олуттуу жаңылоону сунуш кылдым. Жакын арада жаңы өкмөттүн аракеттеринин программасын күтөм", - деп Зеленский жазды.

Юлия Свириденко - Украинанын мурдагы вице‑премьери жана экономика министри. Ал АКШ менен Украинаны кайра калыбына келтирүү боюнча инвестициялык фонд түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жетектеген. Бул фонд Украинанын сейрек кездешүүчү кендеринен түшкөн кирешенин эсебинен каржыланат, аны Киев менен Вашингтон бирдей башкарат.

Бир нече күн мурун украин өкмөтүндө кадрдык өзгөрүүлөр болору тууралуу кабарланган. Маалымат каражаттары азыркы өкмөт башчы Денис Шмыгаль коргоо министри Рустем Умеровдун ордуна барарын жазган. Кабарларга караганда Умеров Украинанын Вашингтондогу элчиси болуп кетет.

Шерине

XS
SM
MD
LG