Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Фейк үчүн 20 миңден 65 миң сомго чейин айып. Талаштуу ЖМК мыйзамына кол коюлду


Иллюстрациялык коллаж-сүрөт.
Иллюстрациялык коллаж-сүрөт.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернетте, анын ичинен социалдык түйүндөрдө жалган маалыматтарды тараткандарга айып пул салуу тууралуу мыйзамга президент кол койду. Эми он күндөн кийин күчүнө кирет.

Ага ылайык, фейк маалымат тараткандар 20 миң, юридикалык жактар 65 миң сом айып төлөйт. Мыйзам пикирин ачык айтууну жана сөз эркиндигин чектейт деп, анын кабыл алынышына каршылыктар болгон эле.

Документти Министрлер кабинети иштеп чыгып, март айында Жогорку Кеңешке сунуштаган. Ал боюнча Кодекске 1093 деген жаңы берене киргизилген. Беренеде "жалпыга маалымдоо каражаттарын же интернет тармактарын пайдалануу менен коомдук тартипти, жарандардын же уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын бузууга алып келген анык эмес (жалган) маалыматтарды таратуу, эгерде бул аракеттер кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилерин камтыбаса" айып пул салуу каралган.

Айып пулдун көлөмү жеке жактар үчүн 200 эсептик көрсөткүч (20 миң сом) жана юридикалык жактар үчүн 650 эсептик көрсөткүч (65 миң сом) менен эсептелет.

Муну менен катар, кодекстин 454 жана 456-беренелери да өзгөрдү. Аларда административдик жоопкерчилик каралган укук бузуулардын тизмеси толукталган.

Беренени аткаруу ички иштер органдарыны жүктөлгөн. Милиция кызматкерлери укук бузуу жөнүндө протоколдорду түзүп, алар боюнча сот чечим чыгарат. Мыйзам парламентте каралып жатканда Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев мыйзамдын аткаруунун механизмин мындайча түшүндүргөн.

“Жалган маалымат дегенде, эгерде жаран же уюм бизге арыз менен кайрылса, ал таратылып жаткан маалымат жалган экендигин далилдеп, биз протокол түзүп, анан сотко жөнөтөбүз. Сот кимиси туура, кимиси туура эместигин карап чыгат. Бул жерде аким же башка кызмат адамдары өзүнүн күчүн колдонуп, анык эле маалымат айтылып атса, сот деле аны жалганга чыгарып айып пул салып койбойт”.

Депутаттардын арасында мыйзамды аткаруунун механизми бүдөмүк экенин айткандар болгон. Талкууда Аширходжаев мыйзамды ишке ашыруунун жол-жобосу ийне-жибине чейин кынтыксыз аткаруу мүмкүн эместигин моюндап, аны максималдуу натыйжа менен иштетүү аракеттери көрүлөрүн айткан.

"Мыйзамды аткаминерлер өз кызыкчылыгына пайдаланышы мүмкүн"

Мыйзамдын негиздемесинде анын “максаты маалымат коопсуздугун жана жарандардын объективдүү, анык маалыматтарды алуу укугун камсыз кылуу болуп эсептелери” жазылган. Аширходжаев адамдын жана жарандын ден-соолугуна, жеке жана юридикалык жактардын жеке менчик укугуна кол салгандыгы, коомдук тартипти бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш экенин билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышов өз кызыкчылыгы үчүн атайылап коомду козуткан же жалган маалыматтарды тараткандардын жоопкерчилиги буга чейин да каралып келгенин, кабыл алынып жаткан мыйзамды сынга териси жука аткаминерлер өз кызыкчылыгына пайдаланып кетишпейби деген чочулоолор бар экенин айткан.

“Кээ бир жетекчилер, райондук деңгээлде болобу, республикалык деңгээлде болобу, кол алдындагылар ачуу сынды, сын-пикирди айтса, кылып жаткан иштеринде каталарын-кемчиликтерин айтса, аларды ички иштер, прокуратура, сот кызматкерлери менен коркутуп, сот жоопкерчилигине чейин алпарып, айып пулдарды салдыртып, мындайча айтканда, жеке өзүнүн үстөмдүгүн, бай-манаптык кызматынан пайдалангандар да бар экен. Андайларды кездешип жатабыз. Анан эртеңки күнү бул дагы аша чаап кетпейби деп ойлонуп жатам. Бул боюнча бизде ансыз деле мыйзамдар бар эле. Таяктын эки учу болот деп коёт. Сөз эркиндиги, адам укугу деген бар. Таза эле тилин кыркып салып, жетекчинин ишин сындаган пикирди көтөрө албагандар бар экен. Эгер чындап мамлекетке кыянаттык кылып, козута турган болсо, сөзсүз жоопкерчиликке тартылат, буга чейин да тартылып келген”.

"Мындай мыйзамдар көбүнчө бийликке сын-пикир айткан медиаларга карата колдонулуп жатат"

Буга чейин "Укук бузуулар жөнүндө” кодекске өзгөртүү киргизилип, 1071-беренеси кошулган. Анда кайсы бир адамды “мазактоого, кадыр-баркын кемсинтүүгө” же “жалаа жабууга, ал жөнүндө жалган маалыматтарды билип туруп таратууга” тыюу салынып, ага айып пул каралган. Бул мыйзамга Садыр Жапаров ушул жылдын башында кол койгон.

Кыргызстанда медиа жана журналисттерге байланыштуу кабыл алынган мыйзамдардан улам бул документтер сөз эркиндиги, медиа каражаттарынын ишмердигин чектейт, куугунтуктоого курал болот деген кооптонуулар айтылып келет.

Мындан улам бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар өлкө бийлигине кайрылууларды жолдошкон. Кыргыз бийлиги сунушталган мыйзамдарды тармакты иретке салуу аракети деп сыпаттап жүрөт.

Медиа-серепчи Семетей Аманбеков буга чейинки маалымат чөйрөсүндөгү ишке кирген мыйзамдар бийликке сын-пикир айткан медиаларга колдонулуп, чыныгы фейктер сыртта калып жатканын айтат.

“Ошол мыйзамдын турмушка ашырылганын көрсөңөр, жалаң эле аныкталган медиалар бөгөттөлгөн. Ушул эле “Азаттык”, 24.kg, Respublica сайттары жана башка верификациядан өткөн басылмаларды ошол мыйзам менен бөгөттөшкөн. Бир дагы фейк-аккаунт же тролль-фабриканын өкүлү ошол мыйзам менен бөгөттөлгөн жок. Укук бузуу кодексине киргизилген “жалаа жабуу жана мазактоо” деген эки берене менен дагы бир да фейк-аккаунт жоопкерчиликке тартылган жок. Жалаң эле блогерлер, медианын өкүлдөрү, такталган соцтармактын колдонуучулары жоопкерчиликке тартылып атат. Ооба, алардын арасында жалаа жапкан, мазактаган маалыматтар дагы бар. Бирок, көбүнчөсү өзүнүн эркин ой-пикирин айтып, кандайдыр бир бийликке болобу, жергиликтүү аткаминерлерге болобу айтып аткан сын-пикирлери үчүн жоопко тартылды. Азыр үчүнчү пакет ишке кирди. Эгерде мурда жалаң эле адамдын ар-намысына, ишкердик беделине тиешелүү болсо, азыр ар бир соцтармак колдонуучу, кандай маалымат болбосун, эгерде сот “туура эмес” деп аныктаса, ошону айып пулга жыкса болот. Мурдагы тажрыйбаны карасак, механизмдери көбүнчөсү такталган медиаларга, такталган соцтармак колдонуучуларга иштеген”.

Быйыл июндун ортосунда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда карап, жактырган. Бул мыйзамды башында өкмөт демилгелеп, парламент кабыл алып берген болчу. Бирок баштапкы долбоордогу ЖМКларды каттоо жана "сөз эркиндигинен кыянаттык менен пайдалануу", "согуштук же өзгөчө кырдаал учурунда сөз эркиндигин конституциялык мыйзам менен чектөө" сыяктуу кооптуу жоболор медиа коомчулуктун каршылыгын жараткан. Мындан улам 2024-жылдын мартында президент аны артка кайтарган.

Андан кийин депутаттардан, журналисттерден жана юристтерден турган жумушчу топ кайра иштеп чыккан. Жумушчу топ кооптуу жоболорду сөз эркиндигин чектебей тургандай, эл аралык нормаларга ылайыктап, жазып чыгышканын билдирген.

Арийне, медиа-коомчулук кайра эле соңку кабыл алынып жаткан долбоорго сунушталган нормалар кирбей, тескерисинче бир катар жоболор катаалдашканын билдирип, бул өлкөдө сөз эркиндигин чектөөнү күчөтөрүн айтып чыгышты.

Шерине

XS
SM
MD
LG