"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу сүйлөгөн сөзүндө АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри кабыл алынгандан бери кайчы пикирлер айтылып келе жаткан келишимдин маанисин жогору баалады.
Азиядагы деңиз талаш. Ушул аптада Түштүк Кытай деңизи боюнча эл аралык сотто Кытайга каршы бүтүм чыкты. Бул эми Азиядагы урушка себепчи болушу мүмкүнбү? АКШдагы адам өлүмдөрү менен коштолгон тирешүүлөр – расалык жиктелүүбү же полиция менен айрым жарандардын гана кагылышыбы?
Бээжинде Кытай менен Евробиримдиктин саммити жана бизнес форуму өттү. Тараптар эң ири соода өнөктөштөр болгону менен, ортодо талаштуу жана чалкеш маселелер да бар.
АКШда полициянын афроамерикалыктарга курал колдонуусуна байланыштуу тутанган нааразылык акциялар айрым шаарларда ушул дем алыш күндөрү, өткөн түнү да уланды. Беш полиция кызматкери атып өлтүрүлгөн Даллас шаарына 12-июлда президент Барак Обама барары күтүлүүдө.
Сеул менен Вашингтон Түндүк Кореянын ракеталык коркунучуна жооп иретинде Түштүк Кореяда заманбап ракеталык системаны жайгаштырууну чечишти. Бирок алардын мындай чарасына коңшу Кытай нааразылык билдирип чыкты. Корей жарым аралындагы антиракеталык системага каршы экенин мурдараак Орусия да айткан эле.
НАТОнун ушул дем алыш күндөрү Польшада аяктаган саммитинде эки-үч багыттагы чечимдер кабыл алынды. Түндүк атлантикалык альянс Орусияга карата аны “токтотуу жана бир эле учурда конструктивдүү диалог саясатын” кармана турган болду. Ал эми Ооганстандагы миссия азыркы калыбында улантылмакчы. НАТО боюнча өнөктөштөр “Ислам мамлекети” террордук тобуна, терроризмге жана деңиздеги адам аткезчилигине каршы күрөштө альянстын ролун күчөтүү керек деген бүтүмгө келишти.
АКШнын Даллас шаарында коомчулук коопсуздугун камсыздоого тартылган беш полициячы набыт болду. Бийликтердин айтымында, алар соңку күндөрү интернетте тараган афроамерикалыктар полиция колдуу болуп өлгөн видеолордон улам тутанган демонстрациялар учурунда атылган снайпердин огунан жан беришти.
АКШда президенттикке талапкерлердин бири Хиллари Клинтонго расмий айып тагылбай турган болду. Бул тууралуу өз иликтөөлөрүнөн кийин Федералдык тергөө бюросу - ФБР жарыялады. Клинтон Мамлекеттик катчы кезинде өзүнүн жеке электрондук даректерин пайдалануу менен жашыруун маалыматтардын ачыкка чыгып кетүүсүнө шарт түзгөн жокпу деген күмөн саноо жаралган эле. Клинтонду бул маселеде президенттик шайлоодогу болочок атаандашы Дональд Трамп кескин сындап келе жатат.
Кытай талаштуу Түштүк Кытай деңизинде аскерий каршылашууга даяр болушу керек. Мындай эскертүүнү өлкөнүн мамлекеттик гезити 5-июлдагы баш макаласында жасады. Эскертүү Түштүк Кытай деңизи боюнча Бээжинге каршы берилген доо арыз боюнча сот чечими чыгардан бир апта алдында айтылды.
Иракта бүгүн үч күндүк аза күтүү башталды. Борбор калаа Багдадда жанкечти түшкөн автоунаалардын жарылуусунан өлгөндөрдүн саны дүйшөмбүнүн кечиндеги расмий эсепке караганда 157ге жетти. Бир нече киши дайынсыз болуп жаткандыктан курмандыктар саны дагы өсүшү да мүмкүн. Ал эми жаракат алгандар саны кеминде 190 деп айтылууда. Кандуу окуя үчүн соңку айларда Иракта мурда ээлеген аймактарынан сүрүлүп жаткан “Ислам мамлекети” тобу жоопкер болду.
АКШ Орусияга Сирия боюнча жаңы сунуштарын жолдоду. Маалыматтарга караганда, эгер тараптар орток пикир тапса, бул сунуштар АКШ менен Орусиянын Сирияда өз алдынча жүргүзүп жаткан аскерий операцияларында кызматташтыкка алып барышы керек.
Орусия өлкөнүн батыш бөлүгүнө кошумча он миң аскерин жайгаштырат. Коргоо министри Сергей Шойгу мындай кадамдын зарылдыгын батыш чек араларда кырдаал “туруксуз” болуп жатканына жана НАТОнун аракеттерине байланыштырды.
Молдовада “кылым уурдоосу” деп сыпатталган окуяга байланыштуу алгачкы өкүм чыкты. Кишиневдун соту мурдагы премьер-министр Влад Филатка тогуз жылдык түрмө жазасын чектеди. Бирок Европанын эң жакыр өлкөсү саналган Молдова банктарынан бир миллиард доллар каражаттын чыгарылып кетишине байланыштуу көп жагдайлар али бүдөмүк бойдон калууда.
Улуу Британиянын Евробиримдиктин чыгуусуна жол ачкан референдумдун же Брекситтин эпкини Азияга да тийүүдө.
Британиядагы кечээги референдумдун жыйынтыгы Евробиримдиктен чыгууну ага катышкандардын 52%, биримдикте калууну 48% гана жактаганын көргөздү.
АКШ Конгрессинде куралды көзөмөлдөө мыйзамы боюнча талаш-тартыштар адаттан тыш аракеттерге алып барды.
Ташкенде бүгүн Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити башталууда. Азыр ШКУда байкоочулук макамда турган Пакистан менен Индиянын уюмга ыктымал мүчөлүгү тууралуу ар саммиттин алдында айтылат.
Ирактын өкмөтү Фаллужанын басымдуу бөлүгү “Ислам мамлекети” террордук тобунан бошотулганын жарыялады. Бирок БУУ шаардан качып чыгууга аргасыз болгон миңдеген тургундар гуманитардык кризиске кабылганын эскертүүдө.
Кошмо Штаттар Орусияны Сириядагы жаңы аба соккулары үчүн айыптады. Вашингтондун эсебинде, Орусия Сириянын түштүгүндө өкмөткө кас козголоңчулар менен катар “Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөшүп жаткан жана АКШ колдогон күчтөргө да сокку урду.
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан экономикалык форумга Еврокомиссиянын президенти Жан-Клод Юнкер баштаган делегация жана Европанын бир катар ири компанияларынын башчылары да келишти.
Дагы жүктөңүз