"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Кыргызстандын ММК жөнүндөгү мыйзамына сунуш кылынган өзгөртүүлөр Орусия мыйзамынын жоболорунан көчүрүлгөнү байкалып турат.
Дүйнөдө өзөктүк куралдын саны акырындык менен кыскарууда. Бирок, ошол эле учурда алар жаңыланып, куралдын бул эң опурталдуу түрүнө бир топ инвестиция да жумшалып жатат.
АКШ президенти Барак Обама Ооганстандагы америкалык күчтөрдүн ролун кеңейтүү боюнча сунушту жактырды. Мындай кадам соңку кездери "Талибандын" кол салуулары менен кыянатчылыктары көбөйгөн шартта ооган күчтөрүнө колдоону күчөтүү үчүн жасалууда.
Казакстандын Актөбө шаарында бийликтер диний радикалдардын кол салуусу катары мүнөздөп жаткан окуяларга катышы бар деп шектелген ондон ашуун адамга издөө салынды.
Казактандын Актөбө шаарында өткөн түнү дагы беш куралчан өлтүрүлүп, экөө камакка алынды. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлиги билдирүүдө.
Кошмо Штаттарда президенттик шайлоонун риторикасы күч алууда. Эки партиядан быйыл күздөгү чоң шайлоодо ат салышары күтүлгөн Клинтон менен Трамп бири-бирин сындап, айыптап да жатышат.
НАТОнун европалык мүчөлөрүнүн коргонуу үчүн чыгымдары акыркы он жылдыкта алгач ирет көбөйүүдө. Бул маалымат НАТОнун келерки айдагы маанилүү саммитин утурлай белгилүү болду.
Сириянын Идлиб шаарындагы аба соккуну ким жасаганы боюнча талаш чыкты.
Жер ортолук деңизде соңку бир жумада кеминде 700дөн ашуун мигрант чөгүп кетти деп болжолдонууда. Акыркы аптада Ливиядан адам ташууга ылайыксыз кайыктар менен Европаны көздөй жолго чыккан качкындар менен мигранттар саны кайрадан көбөйдү.
Жапонияда бүгүн "Чоң жетинин" саммити аяктады. Анын соңунан дүйнөнүн эң өнүккөн жети өлкөсүнүн лидерлери глобалдык маселелер боюнча бир катар билдирүүлөрдү жасашты.
АКШ президенти Барак Обама бүгүн Жапониянын Хиросима шаарына келет. Тарыхый визит катары сыпатталып жаткан бул окуя АКШ Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда атомдук бомба таштаган шаарга өлкөнүн кызматтагы президентинин алгачкы ирет барышы.
Ирактын өкмөттүк күчтөрүнүн борбор Багдаддан 65 чакырым алыстыкта жайгашкан бул шаарды бошотуу боюнча операциясы акыркы үч күндөн бери жүрүп жатат.
Жапонияда бүгүн "Чоң жетинин" саммити өтүүдө. Глобалдык экономиканын чыңдала албай жатышы саммиттин күн тартибиндеги башкы маселелердин бири. Бул жогорку жыйында экономиканын абалы, аны өнүктүрүүнүн жолдору талкууланат.
"Талибан" өзүнүн жаңы лидери деп молдо Хейбатулла Ахунзадени жарыялады. Муну менен кыймыл мурдагы жолбашчысы молдо Актар Мансур АКШнын аба соккусунан өлгөнүн төрт күндөн кийин гана моюнга алып отурат. "Талибандын" жаңы лидери ким?
"Талибандын" жолбашчысы Ахтар Мансур жок кылынганын Ооганстан менен Кошмо Штаттардын өкмөттөрү ырастады. Ал арада "Талибан" Хайбатулла Ахунзаданы жаңы лидери кылып дайындап алганы кабарланды.
Греция чек арадагы качкындар лагерин тазалоону баштады. Македония менен чек арадагы Идомени акыркы бир нече айдан бери Европанын түштүгүнөн түндүгү менен батышын көздөй өтүүгө умтулган миңдеген мигранттар жыйналган жайга айланган.
"Талибандын" жолбашчысы Актар Мансур жок кылынганын АКШ да ырастады. Айрым талдоочулар талип жолбашчысынын өлүмү тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн мүмкүнчүлүк жаратарын белгилешүүдө.
АКШнын Пакистан аймагындагы аба соккусунан "Талибандын" жолбашчысы Ахтар Мансур жок кылынды. Бул маалыматты ооган бийликтери менен АКШ президенти Обама ырастады.
Түркияда өлкөнүн жаңы премьер-министри ким болору аныкталды. Бинали Йылдырым президент Режеп Тайип Эрдогандын эң жакын адамдарынын бири.
Түштүк Американын экономикалык каатчылыкка кабылган өлкөсү - Венесуэлада эл кайрадан митингге чыкты. Оппозиция жана анын жактоочулары президент Николас Мадурону кызматтан кетирүү үчүн референдум өткөрүлүшүн талап кылып жатышат.
Дагы жүктөңүз