"Азаттык" радиосунун журналисти жана алып баруучусу. Сезимтал журналистика, кесиптик этика боюнча адис.
Район, шаар жана облус башчылыгына коомго белгилүү эмес кишилердин дайындалышы саясий элитаны мокотуп жатабы? Жергиликтүү аткаминерлерди дайындоодо өнүгүү эмес, саясат роль ойноп калдыбы?
Укук коргоочу Собир Валиевдин жубайы, бишкектик Жанета Хамзаева камактан бошотулду.
Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму теги тажикстандык активист, оппозиционер Собир Валиевдин кыргызстандык жубайы Жанета Хамзаеванын кармалганына тынчсызданууда.
Күз келгени кечки убакыттын көбүн айылдыктар да, шаардыктар да тойлордо өткөрүп калышты. “Азаттыктын” кабарчылары быйылкы тойлордун мүнөзүн, өзгөчөлүгүн сураштырып, чыгымдарын болжолдуу санап көрүштү.
Изилдөөчүлөрдүн баамында, Кыргызстанда бир жыл ичинде 500 миңден ашуун үй-бүлө чоң-кичи маараке өткөрөт. Ага жумшалган акча өлкөнүн тышкы карызына тете деген божомолдор бар.
Кыргызстанда эл менен тыгыз байланышта болууга тийиш деп саналган министрликтердин сайттары жарым-жартылай гана иштеп, коомчулуктун сынына кабылып келүүдө.
Түркияга кеткен бойдон дайыны чыкпай жаткан эки кыргызстандык кыздын туугандары жардам сурап, “Азаттык” радиосуна кайрылышты.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ардагерлери Үңкүр-Тоо маселесинен жаралган кырдаал боюнча Өзбекстандын атайын кызматынын башчысына жана ардагер чекисттерине кайрылуу жолдошту.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 30-августта Бишкектеги Кытай элчилигинде теракт уюштургандардын тек-жайы аныкталганын кабарлады.
Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун саламаттыгы начарлап, ооруканага түшкөнү расмий маалымдалды. Президенттин кызы Лола Каримова атасы инсульт болгонун ырастады. Бул кабар Өзбекстандагы бийлик алмашуунун сценарийлери жана ыктымал мураскерлер тууралуу божомолдорго кайрадан жем таштады.
Москвада набыт кеткен кыргызстандык кыз-келиндердин каргашалуу окуясына байланыштуу Жогорку Кеңеш спикери Чыныбай Турсунбеков “Азаттык” радиосуна маек курду.
Кыргызстанда бир катар саясатчылар Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы бийлик менен тирешип жаткан кезде Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Аксыдагы “Үңкүр-Тоо - Өзбекстандын жери” деп билдирүү таратты.
Талды-Булак Сол жээк кенин иштеткен "Алтынкен" ишканасы миң тоннадан ашуун алтын кошулмасын Кытайга чыгарып кеткени боюнча серепчи Айылчы Сарыбаев "Азаттык" радиосуна ой бөлүштү.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу иштерине жер-жерлердеги муниципалдык кызматкерлерден каражат чогултулуп жатканы айтылууда.
12-августта Сочиде Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында Кыргызстан менен Беларус премьер-министрлери уюмдун негизги көйгөйлөрүн ортого салышты.
Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанга иш-сапарын серепчилер кыргыз-немис алакасынын жаңы нукта өнүгүшү катары талдап жатышат.
Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети 13-июнда Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү жактырды.
6-7-июнь күндөрү Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин саммити өтөт.
Тажикстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду утурлай коопсуздук чаралары да күчөтүлдү. Бийлик муну туруксуздукту бузууга дилгир күчтөр саясий өнөктүктөн пайдаланышы мүмкүн деп негиздейт.
Казакстанда активисттер кысым күчөп, кармоолор көбөйдү. Өлкөнүн түрдүү аймактарында жер сатууга каршы пикирин ачык айтып жүргөн ондон ашуун адам камакка алынды.
Дагы жүктөңүз