"Азаттык" радиосунун журналисти жана алып баруучусу. Сезимтал журналистика, кесиптик этика боюнча адис.
Өзбекстанда элди мажбурлап эмгекке тартууга каршы чыгып жүргөн укук коргоочу Елена Урлаева эки жарым айдан бери психикалык оорулуулар бейтапканасында зордук менен дарыланууда.
Иракта согушкерлердин чабуулдары күчөп, жүздөн ашуун киши жашоо менен кош айтышты. Анын баарына ИМ экстремисттик тобу жоопкерчилик алууда.
Москвада үч кишинин жанын кыйган тажик жана кавказ тектүүлөрдүн мушташынан соң орус аткаминерлери Борбор Азия өлкөлөрүнө виза режимин киргизүү демилгесин көтөрө башташты.
Швециянын Стокгольм шаарында 14-май күнү жыйынтыкталган Eurovision-2016 эл аралык популярдуу шоу сынагында украиналык ырчы Жамала баш байгени жеңип алды.
Өзбекстанда жайкы каникул алдында мектеп окуучуларынын ата-энелеринен балдарга көзөмөлдү күчөтүү, баскан-турганын текшерип туруу жаатында тилкат алына баштады.
Пентагон Ооганстанда былтыр күзүндө бомбаланган оорукана боюнча жаңы баяндамасын жарыялады. Анда талиптердин чабуулунан улам баш аламандык күчөп, аскерлер Кундуздагы оорукананы жаңылыш бутага алганы белгиленет.
Өзбекстандык ырчы жана композитор Абдулазиз Карим оппозиционер Мухаммед Салих жазган ырга күү жаратканы жана Түркиядан жарандык алганы үчүн бардык мамлекеттик сыйлыктардан ажыратылды.
Испаниянын улуттук соту орусиялык азыркы жана мурдагы бир катар аткаминерлерди камакка алуу чечимин чыгарды. Арасында президент Владимир Путин менен жакын санаалаш бир катар саясий ишмерлер бар.
Чет элде жүргөн борборазиялык аялдардын жоруктары соңку кездери маалымат булактарында башкы темага айлана баштады.
Дүйнөнүн атом энергетика тарыхындагы эң ири кырсык саналган Чернобыл апаатына 30 жыл толду. Ондогон кишинин өмүрүн кыйган окуянын кесепетин жоюу иштери дагы да уланууда.
Түркиялык басылмалар Бодрум шаарында 11 кыргызстандык кыз сексуалдык кулчулуктан бошотулганын жазды. Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу кыздар өз каалоосу менен иштеп жүргөнүн айтууда.
Эл аралык Amnesty International уюму Орусия бийлигине кайрылып, өзбекстандык жарандарды мажбурлап мекенине кайтаруу аракетин токтотууга чакырды.
Тажикстан бийликтери мыйзамсыз салынган мечиттерди үйгө муктаж кишилерге өткөрүп берүүнү улантууда. Соңку алты жылдан бери миңден ашуун мечит турак жайга айланды.
Өкмөт Кыргызстандагы ломбард ишмердигин жөнгө салган мыйзам долбоорун сунуштады. Расмий жүзгө жакын гана күрөөкана катталса, иш жүзүндө алардын саны миңден ашат.
Өзбекстанда социалдык тармактагы нааразылыктардан улам карапайым жаранга күч колдонгон милиция кызматкери жумуштан алынды. Өзбекстанда коомдук пикир менен эсептешүү чанда гана кездешет.
Эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” уюму сөз эркиндигине байланыштуу 180 мамлекетте изилдөө жүргүзүп, абал дурус эмес деген тыянак чыгарды.
Белгилүү тажик режиссеру Барзу Абдураззоков паспортуна Украина, Түркия жана Грузия мамлекеттеринин мөөрү басылгандына байланыштуу Орусияга кире албады.
Тажикстанда Өзбекстандын маданият күндөрүн өткөрүү боюнча Дүйшөмбүнүн расмий сунушун Ташкент жоопсуз калтырганы айтылууда. Тажик өкмөтү бул кабарды четке кагып жатат.
Македония полициясы менен Грециядан өтүп келаткан качкындардын 10-апрель күнкү кагылышуусунан 300дөй адам жараат алды.
Стамбулдан Кыргызстанга келип, жергиликтүү кызга баш кошуп жаткан теги өзбекстандык жаран досу менен нике күнү камакка алынды. Милиция алардын максаты - жалалабаддыктарды Сирияга жалдоо экени айтууда.
Дагы жүктөңүз