"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
Бишкекте Москва олимпиадасынын бийиктикке секирүү боюнча чемпиону Татьяна Колпакованын байгесине арналган эл аралык мелдеште Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жеңил атлетчилери мөрөй талашты.
Кыргызстанда спорт федерацияларына министрлер,чиновниктер президент болуп келет. Маселен, башкы прокурор Э.Сатыбалдиев жакында эле волейбол федерациясына президент болду. Өлкө башчысынын уулдары, инилери да федерацияларга президент.
Учурунда өлкөнү дүйнөгө тааныткан маркум Нурлан Абдыкалыков, Кеңешбек Дүйшеев жана башкалар тарбияланган Кочкордогу бокс мектебинин кендирин каражат маселеси кесип турат.
1989-жылы Ферганада тополоңдун шылтоосу менен 100 миң месхетиялык түрк өлкө чегинен чыгарылган. Түрктөрдүн көйгөйлөрү тууралуу Кыргызстандагы түрктөрдүн коомдук бирикмесинин төрагасы Мурафаддин Сакимов айтып берген.
1-июнда Бишкекте көчө толо балдар, майрамдык салтанаттар менен гана коштолуп, бирок коомчулукка эртеңки келечек ээлеринин ушул күнү айрыкча көңүл бургандай маанай жаратты.
Эркин күрөштөн Каба уулу Кожомкулдун байгесине арналган эл аралык мелдеште 7 мамлекеттин балбандары күч сынашып, жеңүүчүлөрү аныкталды. Мында кыргызстандык балбандар 3 алтын медалдын ээси болушту.
27-майда «Дело №», «Московский комсомолец Кыргызстан», «Агровести» гезиттери жарык көрдү.
Шахматтан эркектер арасында өлкөнүн биринчилигин жыйынтыкталып, эл аралык гроссмейстр Леонид Юртаев менен уландар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегин баш байгенин ээси болушту.
26-майда кыргызстандык окурмандар үчүн «Эркин Тоо», «Ачык саясаты», «Көк асаба», «Кыргыз туусу», «МСН», «Тамчы кабар» гезиттери жарык көрдү.
24-майда Тайвандын Тайпей шаарында чоңдор арасында дзю-до күрөшүнөн Азия Чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Анда кыргызстандык жаш балбан Азат Кубакаев коло байгелүү болду.
Мындан үч жыл мурда ушул күнү «Азаттык» үналгысын негиздеген Азамат Алтай агайыбыз 86 жашында узакка созулган оорудан кийин Нью-Йоркто дүйнөдөн кайткан. Ал өмүрүн демократиялык жараянга арнаган инсан эле.
Оппозициялык Бириккен элдик кыймыл (БЭК) белгилүү кинорежиссер, коомдук ишмер, маркум Дооронбек Садырбаевди эскерүү иш-чарасын өткөрүү бийлик менен оппозициянын тирешүүсүн жаратканын билдирди.
Шахмат боюнча кыз-келиндер арасында чемпиондук наамды Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти Жаңыл Тиленбаева үчүнчү ирет жеңип алды.
Куала-Лумпур шаарында өткөн Азия футбол конфедерациясынын Конгрессинде өлкөнүн футбол федерациясынын вице-президенттери Өмүрбек Кутуев менен Аскар Салымбеков күмүш жана коло медаль менен сыйланды.
Ок атуу боюнча эларалык спорттун чебери, Бээжин олимпиадасынын катышуучусу Руслан Исмаилов Кыргызстандан биринчи болуп Лондон олимпиадасына жолдомо алды. Дүйнө коомчулугунун көңүлүндө турган Лондон олимпиадасына үч жылдан ашуун убакыт бар.
10-майда Жеңиш майрамына карата генерал Иван Панфиловдун жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Быйыл бул турнир кырк тогузунчу ирет өткөрүлдү.
Кечээ эркин күрөштөн кыргызстандык эки балбан Азия чемпионатынын коло байгесин утса, 6-майда күрөшкөн 4 балбандан Талант Жекшенов гана үчүнчү орунга талапкер болуп, бирок жеңилүү ызасын тартты.
6-майда Тайландда эркин күрөшү боюнча жигиттердин Азия чемпиондугу үчүн таймашуулары улантылат.Чоңдор арасында эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык эки балбан коло медаль тагынды.
4-май бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика күнү Бишкекте жеңил атлетика мелдештерине төрт жүзгө жакын спортчу катышты. Соңку жылдары жеңил атлетикага кызыгуу кайра жанданып, облустарда спорттук ийримдер, мектептер иштей баштады.
1- Май эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү Бишкекте салтка айланган тынчтык жарыштарын, мелдештер өткөрүлдү. Мурдакыдай көк бөрү мелдеши өткөрүлбөй калганына күйөрмандар нааразы.
Дагы жүктөңүз