"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
28-апрелде Кожомкул спорт ордосунда былтыркы жылдын мыкты спортчулары, устаттарына, журналисттерге урмат-сый көрсөтүү 4 айы кечигип болсо да өткөрүлдү.
Велоспорттон «Тур-Малайзия» жарыштарга 22 кесипкөй команда катышып, Азия чемпиону, кыргызстандык Евгений Ваккердин командасы экинчи орунду ээледи. Ал майда Жапониядагы Азия Кубогуна катышат.
Бүгүн Чернобыль өзөктүк отундан электр кубатын өндүрүүчү ишканасындагы жарылууга 23 жыл толду. Ага байланыштуу Бишкектеги Юлиус Фучик гүлбагында эстелик ачылды. Алааматтын кесепетин жоюуга Кыргызстандан 3 миңден ашуун адам катышкан.
Айрым устаттар спорттун өзгөчөлүктөрүн жакшы билбегендиктен балдардын ден соолугуна зыян кылган жагдайлар кездешкендиктен лицензия берүү маселеси каралууда. Бул коррупцияга жол ачат дегендер бар.
Соңку он жыл ичинде 200 миң кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алганын Орусиянын Федералдык миграция кызматы маалымдады. Ошол эле учурда Орусия жана Казакстандагы кыргыз диаспораларынын “Замандаш” ассоциациясынын эсебинде орус жарандыгын алган алатоолуктардын саны жарым миллиондон ашты.
Ташкентте грек-рим күрөшүнөн Өзбекстандын президентинин Кубогу турниринде 13 өлкөнүн балбандары күч сынашты. Мында кыргызстандык жаш балбандар 5 коло байге утуп, сындан өтүштү.
Бишкекте кулатуу боюнча Кыргызстандын 17-чемпионаты өткөрүлдү. Бул спортко чет өлкөлүктөр кызыгып, жайында Канадада өтө турган эл аралык мелдешке чакырып жатышат.
Жогорку Кеңештин депутаты, маркум С. Кадыралиев жашында дзю-до менен машыгып, мындан 12 жыл мурда Бишкекте панкратион боюнча Азия чемпионатында коло байге уткан. Ал “Карышкыр” деген наамга арзыган.
Жогорку Кеңештин депутаты О.Назаров кесипкөй боксту өнүктүрүүгө кызыкдар. Бирок спорт ышкыбоздорунун көбү байгесине кызыгып кесипкөйлүк таймашууга өтүп кетип жатышканына нааразы болгондор да бар.
Оор атлетика федерациясына салыктар,жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Акматбек Келдибеков жетекчи болуп шайланды.Муну менен оор атлетчилер каржы маселелерин чечүүнү максат кылышууда.
Сейсмикалык кооптуу аймакта жайгашкан Кыргызстан үчүн Италиядагы жер титирөө сабак болуу менен адистердин көңүлүн бурууда. Өлкөдө бул табият кырсыгынан сактануу чаралары жана жалпы эле сейсмикалык коопсуздук маселелеринин күңгөй-тескейлери тууралуу Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун директору Канат Абдырахматов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
Азия Олимпиадалык Кеңешинин президенти Ахмад аль-Фахад аль-Сабах өлкө президентине Азиянын олимпиадалык алтын орденин тапшырды.
Эгемендүү өлкө тарыхында Азамат Байматов Латвиянын футбол клубунда ойноого укук алды. Ошол эле учурда Кыргызстанда чет өлкөлөрдөн айрыкча Африкадан футболчулар легионер катары ойноп жүрүшөт.
30-мартта Непалдын борбору Катмандудагы футбол боюнча Азиянын “Чакырык Кубогунун” таймаштарында Кыргызстандын тандалма командасы өз тобунда жеңүүчү деп таанылып, финалдык беттешүүлөргө укук алды.
Кызматын аша чаап пайдаланды деген кине менен соттолуп жаткан мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун жактоочулары сотко ишеним көрсөтпөй жатат. Жактоочулар судьяны алымаштыруу талабын билдиришти
Бириккен Элдик кыймылы уюштурган Кыргызстандагы нааразылык акцияларында одоно тартип бузуулар катталган жок. Бирок оппозиция бийлик тарабынан тоскоолдуктар жасалгандыгын маалымдоодо.
Кыргызстанды профессионалдык бокстан дүйнөгө таанытып, жети жолу дүйнө чемпиону аталган, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Орзубек Назаров өлкөдө бул спортту өнүктүрүү демилгесин көтөрүүдө.
Ыңкылаптын 4 жылдыгына карата Бишкекте көкбөрү боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Ат майданында күйөрмандар азыраак келишип, мелдештердин деңгээли начар болду деген пикирлер да айтылды.
Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин бейөкмөт уюмдардын лидерлери менен жолугушуусу кескин сындар менен коштолду. Өткөн жумадан бери укук коргоочулар министрдин кызматтан кетишин талап кылышууда.
Бишкектеги Нооруз майрамына арналган мелдештердин деңгээли жылдагыдан начар болду деген пикирлер бар. Мөөрөй талашууларга беш жүздөн ашуун спортчу катышты. Көк-Бөрү мелдешине 4 команда гана катышууда.
Дагы жүктөңүз