Захарова Орусия Семенов-Тян-Шанскийдин айкелине байланыштуу жагдайга көз салып жатканын билдирди

Петр Семенов-Тянь-Шанскийдин эстелиги. Интернеттен алынган архив сүрөт.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарындагы Петр Семенов-Тян-Шанскийдин айкелине байланыштуу жагдайга Бишкектеги орус элчилиги көз салып жатканын билдирди. Ал бул тууралуу телеграм каналына жазды. Айкел оңдоо-түзөө үчүн алынганын, эстелик турган жер көрктөндүрүлгөндөн кийин кайра коюларын билдирди.

Буга чейин Балыкчы мэриясынын аппарат жетекчиси Алмаз Байгазиев изилдөөчү Петр Семенов-Тян-Шанскийдин эстелигинин алынганы тууралуу “Азаттыкка” комментарий берип, айкел турган жер оңдолгондон кийин кайра коюларын маалымдаган.

Балыкчыдагы Семенов-Тянь-Шанскийдин эстелиги алынганы ушул айдын башында белгилүү болгон. Бул айкел 1982-жылдары орнотулган.

Орус географы Петр Семенов-Тян-Шанский 1856–1857-жылдары Теңир-Тоого саякат жасап, Сары-Жаз суусунун башындагы ири мөңгүлөрдү изилдеген. Теңир-Тоо аймагынын илимий изилдөөсүнүн 50 жылдыгына байланыштуу анын фамилиясына "Тян-Шанский" деген кошумча ат берилген.

Учурда анын иликтөөсүнө байланыштуу маалыматтар, изилдөөчүнүн өзү тууралуу пикирлер бир кылка эмес.

Дагы караңыз

УКМК Бишкектеги оңдолгон жолдордун сапатын, кеткен каражатты текшере баштады Ош милициясы жүзүн жашырган он аялга 20 миң сомдон айып пул салынганын билдирди Фицо Орусияга каршы санкциялардын жаңы топтомун колдой турганын айттыБалыкчынын экс-мэрине Соң-Көлдөгү автоээнбаштыгы үчүн айып пул салынды Казакстанда никеге турууга мажбурлагандарга жаза күчөтүлдү Жамалбек Ырсалиев Бишкектин вице-мэри кызматынын бошотулду Милиция Улуттук госпиталдагы чырдагы тараптар элдешип алганын билдирди Жаза аткаруу кызматынын дагы бир жоокери өз өмүрүнө кол салып мерт болду