Мамлекеттик бажы кызматы Кадрлар резервине кабыл алуу үчүн жарыяланган сынак аяктаганын билдирди. Ага ылайык, жалпы 383 талапкердин 66сы гана үч турдан ийгиликтүү өттү.
Аталган мекеме талапкерлердин 82,2% үчүнчү турга өтпөй, компьютердик тестирлөөдөн кулап калганын кабарлаган.
"Биринчи этапка жалпы 382 талапкер катышып, дене тарбия даярдыгы текшерилген жана андан 213ү ийгиликтүү өткөн. Экинчи турда тестирлөөдө 60 мүнөттүн ичинде талапкерлер 100 суроого жооп берип, кеминде 75% туура жооп алышы керек эле. Жыйынтыгында, үчүнчү турга 68 гана адам өткөн. Тестирлөөгө өз алдынча даярдануу үчүн суроолор Бажы кызматынын расмий сайтына алдын ала жарыяланган. Үчүнчү турда эссе жазуу жана маектешүү болду жана 66 адам сынактын өттү. Конкурстун бардык айлампасы видеого тартылып, онлайн көрсөтүлдү. Кадрлар резервине өткөндөрдүн тизмеси жарыяланат", - деп жазылган маалыматта.
Бажы кызматындагы бош орундарга жана кадрлар резервине кабыл алуу үчүн сынак ушул жылдын башында, февраль айында жарыяланган. Анда тиешелүү жогорку билими, адистиги бар, квалификациялык талаптарга жооп берген 35 жашка чейинки жарандар катыша алары көрсөтүлгөн.
Кыргызстандагы бажы тармагы бир канча жылдар бою коррупцияга көп малынган орган катары айтылып келген.