Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:15

Техастагы суу ташкында жоголгон 166 киши табыла элек


АКШнын Техас штатында суу ташкыны маалында набыт болгондордун саны 129га жетти, дагы 166 адам табыла элек.

Кырсыкта баарынан Керр округу көбүрөөк жабыркады, аймакта 103 адам, анын ичинде 36 бала мерт болду. Алардын 27си Гуадалупе дарясынын боюндагы кыздардын Camp Mystic лагеринде эс алып жаткандар жана алардын вожатыйы болгон.

Техаста 4-июлга караган түнү нөшөрлөп жааган жаандан улам суулар ташкындаган.

Кырсыктаган аймакка 11-июлда президент Дональд Трамп барган жана анын катышуусунда чукул кырдаалдар кызматтарынын жетекчилери менен жыйын өткөн. Анда жергиликтүү бийликтин дарегине айтылган сын-дооматтарды четке каккан.


Шерине

XS
SM
MD
LG