Кыргызстанда алты айда кызамык (корь) жуккан 8572 учур катталды. Ушул убакыттын ичинде ооруга чалдыккан 10 бала чарчап калды. Алардын алтоо бир жашка чейинки ымыркайлар. Эки учур 1-5 жаш, дагы экөө 8 жаштан өткөн балдар. Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына караганда, каза болгондордун баары ооруга каршы эмделген эмес. Аталган борбордун өкүлү, эпидемиолог Гүлзада Даданова ооруну жуктуруп алгандар Бишкек шаарында көп болуп жатканын "Азаттыкка" билдирди.
"Былтыр кызамык оорусуна чалдыккан учурлар ушул учурда көбүрөөк болгону менен каза болуп калган учурлар азыраак катталган. Былтыр беш учур катталган. Баары эмдөө алган эмес. Айрымдары эмдөөгө жаш курагы жете элек болсо, кээ бири өздөрү баш тарткан же башка себептерден албай калгандар. Кызамык оорусун эмдөө жолу менен гана алдын алса болот, башка жолу жок".
Даданова кызамык оорусу күн ысыкта басаңдап, күз-кыш мезгилинде күчөй турганын эскертип, эмдөө албай калган ата-энелерди аймактык үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылууга чакырды.
Өткөн жылы катталган учурлар 14 миңден ашкан.
СССРдин аймагында 1963-жылдан бери кызамыкка каршы эмдөө жүргөндүктөн Кыргызстан эгемендик алган жылдары бул ооруну жугузгандар көп катталган эмес жана өлүм да сейрек кездешчү.
Диний ишенимден улам вакцинадан баш тартуу адаты 2012-жылдан тартып башталган. Анын кесепетинен 2014-2015-жылдары Кыргызстанда кызамыкка кабылгандар кескин көбөйүп, 17 миңге жеткен. Натыйжада ири эмдөө кампаниясы жүргөн.
2024-жылы эмдөөдөн баш тарткан 20 миңдей учур катталган.
2018-2019-жылдары да кызамыкты жуктургандардын саны кескин жогорулап, жылына 2000 бейтап катталган жана кайрадан эмдөө күчөтүлгөн.
- Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашка чыкканда жасалат. Кошумча эмдөө тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө.
- Вирус аба аркылуу жугат жана өтө тез тарайт. Кызамык биринчи дозасын ала албаган бир жашка чейинки балдар үчүн өзгөчө коркунучтуу. Оору кадимки сасык тумоо сыяктуу башталат – адамдын дене табы көтөрүлүп, мурундан суу агып, жөтөлөт. Бир нече күндөн кийин денеге ыйлакча, бүдүр чыгып, оору пневмония, отит, калчылдап карышып калган абалга чейин жеткирип, көз көрбөй, энцефалит оорусу пайда болушу ыктымал. (КЕ)