Трамп Украинага Patriot комплекстерин жөнөтүүнү дагы убада кылды

Вашингтон Киевге мындай канча комплекс жөнөтөрүп тактаган жок.

АКШнын президенти Дональд Трамп жекшемби күнү Украинага Patriot системасын жөнөтүү тууралуу дагы убада берди жана анын акысын европалык өлкөлөр төлөрүн кайталады.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып "биз аларга абадай керек болуп жаткан "Патриотторду" жөнөтөбүз, анткени Путин көбүн таң калтырды. Ал сыпаа сүйлөп туруп, кечинде эле бомбалап жатат. Бирок бул жерде кенедей маселе бар: бул мага жакпай жатат", - деди.

Мунун алдында, бейшембиде Трамп Украинага Patriot комплекстерин жөнөтөрүн, анын чыгымын НАТО төлөрүн билдирген. Кошмо Штаттарынын президенти дүйшөмбүдө, 14-июлда Орусия тууралуу маанилүү билдирүү жасарын жарыялаган.

Вашингтон Киевге мындай канча комплекс жөнөтөрүп тактаган жок.

Украинанын президенти Владимир Зеленский мунун алданда Кошмо Штаттарынан жана Европа Биримдигинен курал алууда “оң жылыш” бар экенин айткан.

Ушул айдын башында Вашингтон Киевге курал-жарактын айрым түрлөрүн берүүнү токтоткону белгилүү болгон.

Мындай чечим Коргоо министрлиги АКШнын башка өлкөлөргө көрсөтүп жаткан аскердик жардамын карап чыккандан кийин, Американын улуттук кызыкчылыктары биринчи орунга коюлганы менен байланыштырылган.

Дагы караңыз

Газа: Израилдин соккусунан сууга кезекке турган 10 адам, анын ичинде алты бала набыт болду  Axios: Путин Иранды уран байытуудан баш тартууга чакырдыИзраил жана Сириянын өкүлдөрү Бакуда жолугуштуЭлчилик Орусиядагы мигранттарга документ мыйзамдаштырууга аз убакыт калганын эскертти