Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:23

 Axios: Путин Иранды уран байытуудан баш тартууга чакырды


Орусия жана Иран президенттери Владимир Путин жана Масуд Пезешкиян, Москва, 17-январь, 2025
Орусия жана Иран президенттери Владимир Путин жана Масуд Пезешкиян, Москва, 17-январь, 2025

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Дональд Трамп жана ирандык расмий өкүлдөр менен жабык сүйлөшүүдө Ирандын уран байытуудан толугу менен баш тартуусун талап кылган өзөктүк келишимди колдорун билдирди. Бул тууралуу Axios басылмасы үч европалык, бир израилдик булакка таянып жазды.

Басылманын булактары билдиргендей, Москва Тегеранды уран байытуудан баш тартууга үндөгөн. Орус тарап ушундай эле позициясын АКШ, Израил жана Францияга билдирген. Келишим түзүлсө, Орусия Ирандан байытылган уранды чыгарып кетүүгө даяр.

“Путин уран байытуудан баш тартууну колдойт. Ал ирандыктарды америкалыктар менен келишимди жагымдуурак кылуу үчүн ушул багытта иштөөгө чакырды. Ирандын өкүлдөрү бул каралбай турганын билдиришкен”, - деген европалык аткаминердин сөзүн Axios басылмасы жазды.

Басылма Москва Тегерандын уранды байытуу укугун ачык колдогону менен, Израил менен Ирандын ортосундагы соңку 12 күндүк согуштан кийин Кремль катаал позицияны карманганын белгилеген.

"Натыйжада маалымат каражаттарындагы билдирүүдөн башка колдоо көрсөтпөгөнү үчүн Ирандын Орусиядан көңүлү калды, - деп жазды Axios басылмасы.

Шерине

XS
SM
MD
LG