Украинага 60 учкучсуз учак чабуул койду, Орусия түн ичинде 36 дронду атып түшүрдү

Орус армиясынын соккусуна кабылган үй, Вликомихайлов, Днепропетров облусу, Украина, 13-июль, 2025

12-июлда саат 14:00дөн бери орус аскерлери 60 учкучсуз учактар менен чабуул жасаганын Украинанын Аскердик-аба күчтөрү билдирди. Ишемби күнү күндүз чабуул негизинен тыл болгон аймактарга жасалса, түнкүсүн Донецк, Сумы жана Днепропетров облустарына сокку урулду. Алардын 20сы атып түшүрүлгөн, дагы 20сы "жеринде жоголгон" же радио жана теле сигналдар менен күрөшө түрган радиоэлектрондук күрөштүн заманбап техникасынын (РЭБ) жардамы менен жок кылынган. Дрондун соккулары беш жерде катталган.

Түнкү аткылоо учурунда Херсондо эки тургун жабыркады.

"75 жаштагы аял жана 44 жаштагы эркек жарылуудан кийин контузия алып, мээси чайкалган. Жараат алгандар учурда ооруканада", - деп билдирди облустук администрация.

Жекшемби күнү күндүз орус армиясы Днепропетров облусунун жайкын тургундар жашаган Великомихайлов айылына чабуул жасады. Андан турак жай урап, аялдын сөөгү урандылардын астынан табылганын Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматы кабарлады.

Орусиянын Коргоо министрлиги 13-июлга караган түнү абадан коргоо күчтөрү Украинанын 36 учкучсуз учагын жок кылып, колго түшүргөнүн билдирди. 26 дрон Белгород облусунун аймагында, дагы төртөө Воронеж, үчөө Липецк, Нижегород аймагында атып түшүрүлдү.

Воронеж облусунун губернатору Александор Гусев түндө аймактагы райондордун биринде бир нече учкучсуз учак жок кылынганын билдирди. Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Белгород облусунун Мелихово айылындагы жеке турак жайга сокку урулуп, эки жайкын тургун жаракат алганын аймактын башчысы Вячеслав Гладков билдирди.

"Ал жерде аял киши баш сөөгүнөн жараат алып, бети сыйрылган, күйөөсү колунан жараат алган", - деп жазды ал Телеграмм-каналга.

Дагы караңыз

14-июлдун аба ырайы: күн күркүрөп, өткүн өтөтСоциалдык тармактын колдонуучусу улут аралык кастыкты козутууга шектелип кармалдыИИМ кызматтык унаа катышкан жол кырсыгы иликтенип жатканын билдирдиЭлчилик Орусиядагы мигранттарга документ мыйзамдаштырууга аз убакыт калганын эскертти  Axios: Путин Иранды уран байытуудан баш тартууга чакырды