Жаңылыктар | 18.07.2025 | “Дарыгерлерди сабагандар жоопко тартылбады". Улуттук госпиталдын кайрылуусу
Бишкектеги Улуттук госпиталдын жамааты аталган оорукананын дарыгерлери сабалган окуяларга байланыштуу бийлик башчыларына видео кайрылуу жолдошту. Оорукананын Фейсбуктагы баракчасына 18-июлда жарыяланган билдирүүдө медициналык кызматкерлерге басым жасалып, ур-токмокко алган учурлар көбөйгөнү, жабыркагандар өч алууга кабылуудан айбыгып арыз жазуудан баш тартууга мажбур экени, айрыкча кол көтөргөн күч органдарынын кызматкерлери жазасыз калып жатканы айтылат.
Шерине