Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:11

Өзбекстанда Саида Мирзиёеванын орун басарлыгына беш киши дайындалды


Саида Мирзиёева
Саида Мирзиёева

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев аппаратынын 284 кызматкерин жумуштан бошотуп, администрациянын жаңы структурасын бекитти. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Асадовдун айтымында, азыр президенттик аппараттын ишмердүүлүгүндө беш артыкчылыктуу багыт аныкталган. Атап айтканда, билим берүү, бизнес, сот системасы, суу ресурстарына көбүрөк көңүл бурулмакчы.

Ошол эле учурда жарлыкка ылайык, президенттин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттиги жоюлуп, анын ордуна Улуттук контент-продюсердик борбор түзүлөрү белгилүү болду.

Мирзиёевдин жарлыгы менен администрациянын башчысы, президенттин кызы Саида Мирзиёеванын беш орун басары дайындалды. Алардын бирөө Хилола Умарова гана мурда өкмөттө иштеп, коомчулукка жакшы таанымал. “Озодлик” радиосу жазгандай мектепке чейинки жана орто билим берүү министри болуп иштеген Умарова өз тармагындагы реформалардан улам өкмөттө эң көп сын уккан министрлердин бири.

Орун басарлардын үчөө жана Мирзиёеванын катчылыгынын жетекчиси аялдар.

Соңку маалыматтарга караганда, администрациянын жаңы түзүмүндө мурдагы тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, мурдагы юстиция министри Русланбек Давлетов кызматтарын сактап калышты.

Июндун этегинде Мирзиёев кызы Саиданы президенттик администрациянын жетекчиси кылып дайындаган.

40 жаштагы Саида буга чейин президенттин жардамчысы болуп иштеп келген. Ага чейин президенттик администрациянын Коммуникация жана маалымат саясатынын бөлүм башчысы, 2019-2022-жылдары президенттик администрациянын алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин директорунун орун басары кызматын аркалаган.

Президенттердин жакындарын жооптуу кызматтарга дайындоо Борбор Азияда сейрек көрүнүш эмес. Тажик мамлекет башчысы Эмомали Рахмондун тун кызы Озода президенттик администрацияны жетектесе, уулу Рустам Дүйшөмбүнүн мэри, парламент төрагасы деген экинчи чоң кызматты ээлейт. Түркмөнстанда болсо Сердар Бердымухамедов 2022-жылы өлкөнү 16 жыл башкарган атасынан бийликти өткөрүп алган.

Шерине

XS
SM
MD
LG