Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:43

Киевде Зеленский АКШ президентинин атайын чабарманы Кит Келлог менен жолукту


Украин президенти Владимир Зеленский жана АКШнын атайын чабарманы Кит Келлог буга чейин Киевде дагы жолугушкан, 20-февраль, 2025-жыл.
Украин президенти Владимир Зеленский жана АКШнын атайын чабарманы Кит Келлог буга чейин Киевде дагы жолугушкан, 20-февраль, 2025-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский дүйшөмбүдө АКШ президентинин атайын чабарманы Кит Келлог менен жолугуп, "жемиштүү" сүйлөшүү өткөнүн белгиледи.

"Тынчтыкка жетүүнүн жолдорун талкууладык, аны жакындатуу үчүн баары колубуздан келет. Бул - Украинанын абадан коргонуу системасын күчтөндүрүү, Европа менен курал-жабдыктарды чогуу өндүрүү жана сатып алуу. Албетте, Орусияга каршы санкциялар да бул багытта көмөкчү болот", - деп украин лидери жазды. Келлог Киевде бир апта жүрөрү кабарланды.

14-июлда эртең менен Келлогду Киевдеги темир жол вокзалынан украин президентинин кеңсе башчысы Андрей Ермак тосуп алды.

"Коргонуу, коопсуздукту бекемдөө, курал-жарак, санкциялар, элибизди коргоо, Украина менен АКШ ортосунда кызматташтыкты чыңдоо - талкууга тема көп", - деп Ермак телеграм-каналына жазды.

Ермак ошондой эле "Орусия ок атууну токтотууга ниети жоктугун" белгилеп, "күч менен тынчтыкка жетүү - АКШ президенти Дональд Трамптын принциби, биз андай ыкманы колдойбуз" деп жазды.

Кит Келлог өткөн аптада Римде Украинаны калыбына келтирүү боюнча конференцияга катышып, кийинки жумада Киевде барарын жарыялаган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 9-июлда Римде Келлог менен жолуккан соң Киевге америкалык курал-жаракты жиберүү жана Орусияга каршы санкциялар тууралуу сөз болгонун билдирген.

Келлогдун бул сапары Трамп бийликке келгенден бери Украинага аскердик жардам пакетин бекитчү маалга туш келди. Ушуга чейин Киев президент Жо Байдендин администрациясы бекиткен жардамды алып келди. Presidential Drawdown Authority программасы Кошмо Штаттардын президентине Конгресстин макулдугусуз эле чечим кабыл алууга укук берет.

Украинада орус күчтөрүнүн түнкү аба соккусунан Сумы облусунда 50 жана 55 жаштагы жергиликтүү тургундар каза тапканын аймактын администрация башчысы Олег Григоров дүйшөмбү билдирди. Анын маалыматына караганда, Шостка шаарында жарандык инфраструктура жайы жана 30 чакты имарат зыянга учурады.

Орусиялык аскерлер бул маалыматты комментарийлеген жок. Москва күн сайын кошуна өлкөнүн тынч шаар-кыштактарын аткылаганы менен аскердик объектилерди гана бутага алганын билдирип келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG