Жаңы канал Көтөрмөгө үмүт берди
Кадамжай районундагы Молдо Нияз каналынын 70 пайыз курулушу аяктап калды. Көтөрмө айылынын тургундары канал сугат суу көйгөйүн чечет деген үмүттө. Буга чейин Молдо Нияз ишке кирсе, 300 гектардан ашуун дың жер айдоого айланып, 400 гектар жерге суу берүү жакшыртылары айтылган. Курулуш ишине өкмөт 176 млн. сомдон ашык каражат бөлгөн.
Чыгарылыштар
-
Июль 09, 2025
Каргашалуу июль: "Өмүрүмдө мынчалык көп өлүм көрбөдүм"
-
Июнь 10, 2025
“Армияга соо кеткен балам оорукчан болуп калды”