Кайрылмандарды кайгырткан чечим
2010-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси чыңалып турган учурда ал жактагы кыргыздар Кадамжайга көчүп келген. Жер алып, отурукташкан мекендештер учурда сегиз жылдан бери эптеп курган тамынан ажырап калышы ыктымал. Экологиялык жана техникалык көзөмөл инспекциясы Кадамжайдын Достук айылынан турак жай үчүн берилген жердин токтому мыйзамсыз деген негизде курулган үйлөрдү буздуруу талабы менен сотко кайрылган. Достук айылындагы 65 үй-бүлө үйлөр курулуп жатканда анын мыйзамсыз экенин эч кандай мекеме эскертпегенин айтып, азыр кайда кайрыларын билбей убайым тартып турушат.
Чыгарылыштар
-
Июль 09, 2025
Каргашалуу июль: "Өмүрүмдө мынчалык көп өлүм көрбөдүм"
-
Июнь 10, 2025
“Армияга соо кеткен балам оорукчан болуп калды”