Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Кыргызстан

Медиа эркиндиги: Талаштуу мыйзамга кол коюлду
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:40 0:00

Украинадагы согуш тилкесинде cоңку бир суткада орус-украин күчтөрүнүн ортосунда жалпы 214 кармаш катталды. АКШ президенти Дональд Трамп бейшембиде Орусия боюнча маанилүү билдирүү жасай турганын айтты. Орусияда балдары орус тилинен сынактан өтпөгөн мигранттардын үй-бүлөсүн өлкөдөн чыгаруу сунушу талкууланууда. Кыргызстан балдарды онлайн окутуу жолун караштырууда. Президент Жапаров жалган маалымат таратууга жаза каралган экинчи мыйзамга кол койду. Эми айыптуу деп табылган жарандар 20 миң сом, юридикалык жактар 65 миң сом төлөйт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын кыргыз жарандары үчүн иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтүн кыскартуу боюнча чечимин бир тараптуу жана алдын ала эскертүүсүз кабыл алынган деп билдирди.

Расмий Вашингтон болсо мындай чечим АКШнын президенти Дональд Трамптын “АКШны чет элдик террористтерден жана башка улуттук жана коомдук коркунучтардан коргоо” буйругуна ылайык кабыл алынганын белгилеген.

Талдоочулар Америкага болгон иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтү кыскарып жатканына дүйнөдөгү саясий кырдаалдын дагы таасири тийгенин айтышууда.

Айжамал Кылычбекова Америкага туристтик визага документтерин тапшыруу үчүн 2 ай мурун даярдана баштаган. Сентябрда АКШнын элчилигине маектешүүгө кирмек. Ал АКШнын иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтүн кыскартуу чечимине кабатыр:

Айжамал Кылычбекова
Айжамал Кылычбекова

"Жаман болдум. Негизи 10 жылга алам деп ойлоп жаткам. Жакшы болмок. Жагымсыз жаңылык. Эми Америкага барыш үчүн визага кайра-кайра тапшырып туруш керек болот. Жок дегенде 3 айга бергени жакшы, такыр эле алып салбай".

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Мамлекеттик департамент бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтүн кыскартканын 9-июлда жарыялады. Мындай чечим Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын “АКШны чет элдик террористтерден жана башка улуттук жана коомдук коркунучтардан коргоо” буйругуна ылайык кабыл алынганы жазылат:

“Иммиграциялык эмес визалардын жарактуу мөөнөтүн кыскартуу иммиграциялык системабызды кыянаттык менен пайдаланууну аныктоо жана алдын алуу аракеттерибизди жакшыртат. Мамлекеттик департамент визалык мөөнөттү каалаган убакта кайра карап, өзгөртүшү мүмкүн”, - деп билдирет АКШнын Кыргызстандагы элчилиги.

Ага ылайык, кыргыз жарандарына мурда B-1/B-2 визасы он жылдык мөөнөткө чейин берилсе, эми үч айга деп белгиленди. Бул виза менен АКШнын аймагына бир гана жолу кирүүгө уруксат.

Чет өлкөгө окууга тапшырууга жана виза алууга көмөк көрсөткөн Бишкектеги виза агенттиктеринин бири акыркы өзгөрүүлөргө ылайык, визага тапшыргандардын саны кескин азайганын билдирип, жаңы тартиптин чоо-жайын түшүндүрүп берди:

Нурсултан Тилек уулу
Нурсултан Тилек уулу

"Виза 3 айга берилгенде, ошол 3 айдын ичинде Америкага кирсеңиз болот. Мисалы үчүн июнь, июль, августта каалаган күнү кирсеңиз болот. Киргенден кийин 6 айга чейин жүрүүгө мүмкүн. Мисалы, визанын акыркы 5 күнү калган болсо дагы сиз Американын аймагына кире аласыз. Киргенден кийин 6 айга чейин жүрүп, кайра чыгып кетишиңиз керек. Мындан ары чыгашасы кичине көп болот. Маселен 5 жылдын ичинде 3 жолу барам десеңиз, 3 жолу 185 доллардан консулдук төлөмдү төлөм, визага тапшырган сайын кезекке туруу керек", - дейт Бишкектеги виза агенттигинин жетекчиси Нурсултан Тилек уулу.

Адистер Америкага визага документтерди толтуруп жатканда сапарын канча күн деп көрсөтсө, ошол мөөнөттөн кечикпей кайра чыгып кетүүнү сунушташты. Алты айга чейин созуп жүрө берүү визага кайра тапшырууда тобокелдиктерди жаратарын эскертишет.

Америкада иммиграциялык маселелер боюнча укуктук жардам көрсөткөн Алтынай Калдыбекова АКШда виза режимин бузуп, мыйзамсыз миграцияда жүргөндөр бар экенин четке какпайт. Ал мыйзамдуу иммиграция боюнча өзгөрүүлөр жоктугун, жаңы талаптар мыйзамсыз миграцияны алдын алууга багытталганын белгилейт:

«Туристтик, студенттик визаларды алып, Америкага келип, калып калгандар көп болду. Спортчу болбосо дагы В-1/В-2ге кирген спорттук визаларды алып кирген кишилер дагы болду. Менимче, ошолордун да таасири тийди. Жасалма чакыруу документтер дагы көп кездешкен экен. Кыргызстандын паспорттору менен жарандар бир гана Кыргызстандан эмес, башка өлкөлөрдөн дагы киришкен. Түркия, Европа жана башка өлкөлөрдөн. Ошондой жол менен Америкага кирип, кайра чыкпаган адамдардын пайыздык көрсөткүчү чоң болду».

"АКШга келип, кайра кетпей койгондор көп болду"
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:34 0:00

Туризм тармагы боюнча эксперт Давран Осмонкулов сонку чечимдерге дүйнөдөгү акыркы саясий кырдаал дагы таасир этип жатканына токтолду:

Давран Осмонкулов
Давран Осмонкулов

«Айрым коңшу мамлекеттер Американын санкцияларына туш болуп жатышат. Биздин да Орусия менен экономикалык жана саясий жактан алакабыз бар. Мындан улам мунун да таасири болуп жаткандыр. Болбосо Кыргызстандын Америка менен пикир келишпестиги жок, дипломатиялык жактан алакасы жакшы. Азыр биздикилер бул жаатта өтө прагматикалык саясатты жүргүзүшү керек. Кескин билдирүүлөрдү жасабай, күтө турганы жакшы".

Ал арада Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти тараткан маалымат боюнча үн катып, жакынкы аралыкта тышкы иштер министринин орун басары Американын Кыргызстандагы элчиси менен жолугарын билдирди. Анда чектөөлөрдүн себептери, аларды жумшартуу, алдын алуу жолдору талкууланары айтылды:

«Белгилей кетсек, бул чаралар америкалык тараптан бир жактуу негизде жана кыргыз тарапка алдын ала билдирилбестен кабыл алынган. Бул жагдай Кыргыз Республикасынын тынчсыздануусун жаратып, дипломатиялык диалог алкагында расмий түшүндүрмөнү талап кылат», - деп маалымадайт Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

B-1/B-2 визалары – АКШга убактылуу иш сапар (B-1) же туристтик, эс алуу жана туугандарга жолугуу максатында (B-2) баргысы келгендерге берилет. Бул визаларды алуу үчүн талапкерлер АКШдан кайра кайтарын далилдеши керек.

Кыргызстандыктардын көбү визанын ушул түрүн тандашат. Министрлик АКШда соңку жылдары кыргызстандык жарандар виза режимин, анын ичинде туристтик (B1/B2), студенттик (F, J, M) визалар менен кирген соң талаптарды аткарбай койгондор көбөйгөнүн белгилеп, мекендештерди мыйзамды так сактоого чакырган.

Июнда Кыргызстан жарандары АКШга киришине чектөө коюлуучу өлкөлөрдүн тизмесине илингени тууралуу кабар чыккан. Бул тууралуу Washington Post гезити АКШ мамлекеттик департаментиндеги кызматтык катка шилтеме кылып билдирген.

Басылманын маалыматында, президент Дональд Трамптын администрациясы жарандары АКШга кирүүсүнө тыюу салынуучу же чектелүүчү өлкөлөрдүн тизмесин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кароодо.

Ага 36 өлкө: анын ичинде Кыргызстан, Египет, Жибути, Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания жана башка Африка, Кариб аймагынын жана Тынч океан бассейниндеги өлкөлөр кирген.

Тизмеге кирген өлкөлөр менен иштеген дипломаттарга мамлекеттик катчы Марко Рубионун колу коюлган кызматтык кат тапшырылган. Анда бул өлкөлөрдө Вашингтондун жаңы талаптарын аткарууга 60 күн убакыт берилери жазылган. Мамлекеттик департамент шилтеме кылып жаткан бузуулардын ичинде мөөнөтү өтүп кеткен визалардын көптүгү, документ берүүчү органдын жоктугу жана башка маселелер көрсөтүлгөн.

АКШ буга чейин өлкөгө жарандары киришине тыюу салынган жана чектелген 12 өлкөнүн тизмесин жарыялаган. Ал тизмеге Түркмөнстан Кошмо Штаттарга кирүүгө жарым-жартылай чектөө киргизилген өлкөлөрдүн катарында кирген.

Трамп президенттик экинчи мөөнөткө киришкенде миграциялык саясатты катаалдаштырарын убада кылып, бир нече жарлыкка дароо кол койгон.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG