"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
АКШнын кызмат мөөнөтү аяктап жаткан президенти Европадагы акыркы сапарынын алкагында Афиныда сөз сүйлөдү.
Евробиримдик Трамптын жеңишин этияттык менен кабыл алса, Орусия аны кубаттады.
8-ноябрда америкалыктар өлкөнүн 45-президенти үчүн добуш беришет.
Сирияда АКШ колдогон күрт жана араб күчтөрү Ракка шаарын ИМ тобунан бошотуу операциясы башталганын жарыялады.
Кошмо Штаттар менен Түркия Сириянын Ракка шаарын кайтарып алууда кимдин ролу кандай болушу керектигин сүйлөшүп жатат.
“Ислам мамлекети” террористтик тобуна каршы АКШ жетектеген коалиция Сириянын Ракка шаарын бошотуу боюнча операцияны баштоого даярданууда.
Пакистанда өткөн түндөгү кандуу чабуулдун курмандыктарын акыркы сапарга узатып жатышат.
Орусия Кошмо Штаттардын 8-ноябрда өтүүчү президенттик шайлоосуна өз алдынча байкоо жүргүзгүсү келет. Бирок АКШ бийликтери Москванын мындай өтүнүчүн четке кагып, аларга ЕККУ уюмунун курамында байкоочулук кылууну сунуштаган.
Францияда бийликтер Кале шаарчасындагы качкындар лагерин тазалоого киришти. Британия - Франция ортосунда качкындар өздөрү түзүп алган лагер “жунгли” деген атка конгон эле. Чогулган качкындар менен мигранттар жүк тарткан унааларга жабышып, Британияга өтүп кетүүгө умтулганы менен көп учурда алардын бул максаты орундалчу эмес.
Чехияда хакер деп шектелген орус жараны кармалды. Чех полициясы кармоону АКШнын Федералдык тергөө бюросу – ФБР менен кызматташтыкта жүргүзгөн.
Иракта “Ислам мамлекети” террордук тобу 2014-жылы жайында ээлеп алган шаарлардын эң ириси жана акыркысы - Мосулду бошотуу боюнча аскерий операция башталды.
Брюсселдеги донорлор конференциясында Ооганстанга алдыдагы төрт жылга 15,2 миллиард доллар жардам убада кылынды. Бирок коррупция деңгээли абдан жогору деп саналган ооган бийликтеринин эл аралык жардамды канчалык натыйжалуу пайдаланары али суроо жараткан маселе. Донорлор конференциясына тушташ талиптер өлкө түндүгүндөгү Кундуз шаарына кирүүгө аракеттеништи.
АКШда вице-президенттикке талапкерлер алгачкы теле эрөөл учурунда Орусия боюнча да талаш-тартышка түштү.
Эл аралык Валюта корунун Кыргызстандын тышкы карыз деңгээлинин өсүп баратканы тууралуу соңку эскертүүсү боюнча “Азаттыктын” суроолоруна аталган уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Яхья Саид жооп берди.
Тышкы иштер министрлиги ЕККУга уюмдун Бишкектеги борборунун макамын өзгөртүү жараянын баштоону маалымдаганы боюнча “Азаттык” менен укук коргоочу, Норвегия Хельсинки комитетинин улук кеңешчиси Ивар Дале (Ivar Dale) ой бөлүштү.
АКШда бүгүн президенттикке талапкерлердин алгачкы телетаймашы өткөнү турат.
Саны азайганы менен агымы токтобогон качкындар.
АКШнын Түндүк Каролина штатынын Шарлотт шаарында полиция менен демонстранттардын эки түн катары менен кагылышынан кийин жергиликтүү бийлик өзгөчө абал тартибин киргизди.
Орусияда 18-сентябрда парламенттик шайлоо өтөт. Таанымал оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный жетектеген “Коррупцияга каршы күрөшүү кору” добуш берүүнүн жуп алдында бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын төрагасы, премьер-министр Дмитрий Медведев жашыруун пайдаланып жүрөт деген кымбат баалуу кыймылсыз мүлк комплексинин жалпы көрүнүшүн коомчулукка ашкере кылды.
Орусияда "миллиардер полковниктин" кылмыш иши иликтенип жатат. Милиция полковниги үйүнөн буга чейинки ушундай камоолордо кездешпеген ири көлөмдөгү нак акчанын табылышы чын эле коррупцияга каршы күрөшпү же шайлоо алдындагы оюнбу деген суроолорду да жаратты.
Дагы жүктөңүз