"Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Өзбекстандык кинорежиссер жана жазуучу Абдулазиз Махмудов Кыргызстанда алгач 1990-жылы, кийин 2010-жылы болгон “Ош окуялары” жөнүндө даректүү тасма тарткан. Бирок “Өзбеккино” мамлекеттик ишканасынын эксперттер тобу 14-мартта аны жактырбай койду.
АКШнын коргоо министри Леон Панеттанын шейшембиде Кыргызстанга сапары эртеси күнү Батыштагы бир топ ири басылмаларда жазылды.
Ооганстандын президенти Хамид Карзай Кандагар провинциясында америкалык аскер 15 жайкын тургунду атып өлтүргөнүн кескин айыптады. Ал муну "атайын адам өлтүргүчтөрдүн жасаганы" деп атап, окуя боюнча НАТОдон түшүндүрмө талап кылды. НАТОнун жетекчилиги бул боюнча кечирим сурады.
Прагада 14-ирет өтүп жаткан фестивалда 70 өлкөдөн жүздөгөн тасмалар көрсөтүлөт. Быйыл негизги көңүл “арап жазына” бурулгандай.
Владимир Путин президент болуп шайланаардан мурда КМШнын ордуна Евразия биримдигин түзө турганын жарыялаган.
"Владимир Путин үчүн кыйын учур эми башталат”, - дешет аналитиктер. Анткени анын үчүнчү жолку президенттиги оор учурда башталууда.
"Өңүт" программасында коррупцияга каршы Кыргызстанда жүрүп жаткан күрөш дүйнөлүк тажрыйбанын өңүтүндө талданат.
Орусиядагы тажик диаспорасы премьер-министр Владимир Путиндин мыкты колдоочуларынан экени аныкталууда. Мунун себептери эмнеде?
Ооганстанда америкалык аскерлердин базасында Куран өрттөлгөнүнө нааразы болгондордун экинчи күнүндөгү нааразылыктарда сегиз адам өлдү.
Өкмөттүк аскерлер азыр Түркия менен чектеш жердеги Идлиб аймагынын айыл-кыштактарын аралап, адамдарды атып жатышканы кабарланууда.
АКШнын Коргоо министри Леон Панетта Ооганстанда Кошмо Штаттардын аскерий базасында ыйык Куран китеби өрттөлгөнү боюнча кечирим сурады.
Америкалык атактуу ырчы жана актриса Уитни Хьюстон дүйнөдөн кайтты.
Бүгүн Германияда дүйнөдөгү эң абройлуу кинофестивалдардын бири – "Берлинале" - ачылат. 10 күндө жалпысынан 400 ашуун фильм көрсөтүлмөкчү.
Жакында Ооганстанда бир киши жубайын эркек бала төрөбөгөнү үчүн муунтун өлтүргөн деген жаңылык көпчүлүктү айран таң калтырды.
Төрт эне. Төрт бала. Түшүнө албаган дүйнө...
Региондогу “салттык ислам” азыр кантип өзгөрүүдө жана ага эмне себеп болуп жатат?
Кечээ БУУнун Коопсуздук кеңеши 10 айдан бери Сирияда уланып жаткан зордук-зобун боюнча Араб лигасынын докладын угууга чогулду.
Өткөн аптада АКШда ФБР өзбекстандык мурдагы укук коргоочу Жамшид Мухторовду “террористтик уюмдун мүчөсү” деп камады.
АКШнын президенти Барак Обама чындап эле Пакистанда Американын пилотсуз учактарынын чабуулдары болгонун моюнга алды.
Канадада сот ооганстандык үй-бүлөнүн үч мүчөсүн башка үч мүчөсү өлтүргөн деп таап, аларды өмүр бою түрмөгө кести.
Дагы жүктөңүз