“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында Жалал-Абад жана Ош дубандарындагы Иштанберди жана Караказык алтын кениндеги абал туурасында сөз болду.
Жергиликтүү эл “суубуз булганып, жайытыбыз бүлүнүп жатат” деп чет жердин инвесторлорго каршы болууда. Кен иштеткен кытай компаниялары эл менен мунаса табуу айласын көрүп жатышат.