Сирия: Израил абадан сокку урду, Сувейдада элдешүү жарыяланды

Расмий SANA агенттиги тараткан бул сүрөттө Сирия армиясынын Башкы штабына урулган Израилдин соккусунун кесепети көрсөтүлгөн. 16-июль, 2025-жыл. Дамаск

Израил армиясы (ЦАХАЛ) шаршембиде Дамаск шаарындагы Сирия армиясынын Башкы штабынын имаратынын кире беришине дрон менен сокку урду. ЦАХАЛ буга чейин Сириядагы этностук друз азчылыгын коргоо үчүн өкмөттүк күчтөргө чабуул коюп жатканын жарыялаган.

Сириянын түштүгүндө друз менен бедуиндер кагылышканда өкмөттүк күчтөр аралашып, 200дөн ашуун киши өлдү.

Израилдин Дамасктагы жана Сувейдага бараткан жолдордогу аскер бөлүктөрүнө соккусунан кийин Сириянын бийлиги ок атышуу токтотулганын, аймактан өз күчтөрүн чыгара баштаганын жарыялады.

Ок атышпоо режими канчалык сакталып жатканы азырынча белгисиз.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио шаршембинин кечинде Сириядагы чатакташкан тараптар кан төгүүнү токтотуу үчүн кандайдыр бир кадамдарын макулдашканын билдирди.

Сириянын президенти Ахмед ал-Шараа бейшембиге караган түнкү телекайрылуусунда өлкөнүн борбордук бийлиги друз азчылыгын коргоону эң маанилүү маселе деп санарын, өз кызыкчылыгын көздөгөн "сырткы күчтөрдүн" аракеттерин четке кагарын жарыялады.

Шаршембиде Сирия өкмөтүнүн өкүлү аны дин аралык чыр-чатак эмес, "мамлекет менен бандиттер ортосундагы жаңжал" деп мүнөздөгөн.

Былтыр декабрда Башар Асаддын 25 жылдык бийлиги кулагандан бери катталган биринчи масхаб аралык жаңжал Сириядагы ар кандай топтордун пикир келишпестиктерин ачыкка чыгарып, улуттук, диний азчылыктар исламчылар башкарган өкмөткө анча ишенбегенин көргөздү.

Өткөн дем алууда түштүктөгү Сувейда провинциясына шийи друз азчылыгынын кошуундары менен суни бедуин уруусунун өкүлдөрү кагылышканда ондогон киши каза тапкан. Сириянын Ички иштер министрилиги 30дан көп киши өлгөнүн, 100дөйү жарадар болгонун билдирсе, Сириядагы адам укуктарына байкоо салган обсерватория бери дегенде 99 киши, анын ичинде эки бала жана 14 коопсуздук кызматкери мерт кеткенин маалымдады.

Дүйшөмбүдө өкмөттүк аскерлер тартип орнотуу үчүн Сувейда провинциясына жөнөтүлгөн. Бирок алар друз согушкерлери менен атыша баштаган.

Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү друздар менен бедуиндердин кагылышууларын дин аралык чыр-чатак эмес, мамлекет менен бандиттер, кылмышкерлер ортосундагы жаңжал деп мүнөздөдү.

“Бийлик Сувейдадагы друз жамаатын улуттук биримдикти орнотууда өнөктөш катары кабыл алат”, - деп айтты Нуреддин ал-Баба Associated Press агенттигине.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сирия: Израил армиясы абадан сокку урду

"Друздарга болушабыз" деген Израилдин армиясы - ЦАХАЛ сириялык аскерлерге, техникасына сокку урду.

"Биз Сириянын Израил менен чектешкен түштүк-батыш бөлүгүн демилитаризация тилкеси катары сакташыбыз керек. Ал жактын экинчи Ливанга айланышына жол бербейбиз. Биз друз калкын да коргоого тийишпиз. Муну интенсивдүү операциянын жардамы менен ишке ашырып жатабыз. Мындан аркы аракеттер Дамаск бийлигинин калган иштерине багыңкы болмокчу", - деп билдирген 15-июлда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху.

ЦАХАЛдын билдирүүсүндө Сириядагы операция Израилдеги друздар менен туугандык байланыштары бар сириялык друз азчылыгын коргоо чаралары экени айтылат.

Друз азчылыгынын диний лидерлери уруулаш согушкерлерди куралдан баш тартууга үндөштү.

Дагы караңыз Сирияны кандай тобокелдик тооруйт?

Кийинчерээк Сириянын коргоо министри Мураф Абу Касра ок атуу толугу менен токтогонун, өкмөттүк аскерлер жооп иретинде гана ок чыгарарын билдирди.

Бирок шаршембиде эртең менен жергиликтүү Sweida24 медиасы Сувейда шаары менен чеке-белиндеги айылдар артиллериянын жана минометтордун аткылоосуна туш болгонун кабарлады.

Мамлекеттик SANA агентигинин маалыматына караганда, Сириянын Коргоо министрлиги "жарашууну бузду" деп Сувейдадагы кылмыштуу топторду айыптады.

Ошол эле күнү Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Сириянын өкмөтүнө “друздарга тийишпегиле” деп, өкмөттүк күчтөр ал жактан чегинбесе, ЦАХАЛ соккуларын улантарын эскерткен.

Улуттар Уюму Сириянын түштүгүндөгү абалга кабатырлануусун билдирди:

"Баш катчы Израилдин сириялык аймакка абадан сокку урганына тынчсызданууда жана Израилди Сириянын көз карандысыздыгын, суверенитетин жана аймактык бүтүндүгн бузуудан оолак болууга чакырат. Баш катчы Сирияда БУУнун 2254-резолюциясынын алкагында ырааттуу, инклюзивдүү, бекем саясий өткөөл жараянын колдоо манилүү экенин белгиледи", - деп айтты баш катчы Антонио Гутерриштин басма сөз өкүлү Стефан Дюжаррик.

Израилдеги друз азчылыгы бийликке лоялдуулугу менен белгилүү, алардын өкүлдөрү көп учурда куралдуу күчтөрдө кызмат өтөшөт. Сириядагы друздардын көбү Израилдин алардын иштерине кийлишигүүсүн каалабаганы менен айрым топтору Дамаск бийлигине анча ишенбейт.

Сириялык козголоңчулар былтыр жыл этегинде Асаддын режимин төңкөргөндөн бери Израил чек арадагы тилкелерди ээлеп алып, Сириянын аймагына бир нече жолу сокку урган. Ошондо да алар друз азчылыгын коргоо максатын көздөгөнүн айтып келген.

Бирок дипломатиялык алака түзбөгөн Израил менен Сирия акыркы кезде бир нече жолу сүйлөшүү өткөргөн. Тел-Авивдин расмий өкүлдөрү Дамаск менен тынчтык макулдашуусун түзүүнү каалаганын билдирген.

Өткөн ишембиде Сириянын президенти Ахмед аш-Шараа Азербайжанга барганда сириялык жана израилдик аткаминерлер жолукканын дипломатиялык булактар кабарлаган. Аш-Шараа өзү ал кездешүүгө катышкан эмес.