УКМК Кыргыз-орус славян университетинен 12 студент чыгарылганын билдирди

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкектеги Борис Ельцин атындагы кыргыз-орус славян университетинен (КРСУ) 12 студент чыгарылганын билдирди. Бул "кызматынан кыянат пайдалануу" беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жасалганын, айрым студенттер бюджеттик орундарга мыйзамсыз кабыл алынганын маалымдады.

"Университетке 2024-2025-окуу жылына кабыл алуу учурунда айрым студенттер сертификаты жок, ЖРТнын босого баллы төмөн болсо деле кабыл алынган. Мекемелер аралык комиссиянын корутундусуна ылайык, Кыргыз-орус славян университетинде бюджетте окуган 12 студент чыгарылды. Учурда университеттин жетекчилиги менен тыгыз кызматташтыкта мындай мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдар аныкталууда", - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында аталган окуу жайдагы 30дай студент окуу жайдын кабыл алуу процессиндеги мүчүлүштүктөрдөн улам бир жыл билим алгандан кийин чыгарылып калганын айтып чыгышкан. Университеттин жаңы жетекчилиги алар окууга “мыйзамсыз киргизилгенин" билдирген.

Бул окуу жайда 2023-жылдан сентябрынан баштап ректор болуп иштеген Денис Фомин-Нилов 2024-жылдын октябрында командасы менен кызматтан кеткен. Анын ордуна Сергей Волков аттуу башка бир орусиялык окутуучу ректордун милдетин аткаруучу болуп дайындалып, быйыл июндун аягында кызматка толук бекиген.

Ректорду шайлоо маалында окуу жайда Камкорчулар кеңеши да түзүлүп, анын башчылыгына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бекитилгени белгилүү болгон. Анын орун басарлыгына болсо Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков тандалган.

Дагы караңыз

Кая Каллас Орусияга берилген 50 күндүк мөөнөт "өтө узак" экенин айтты Казакстанда ТИМ "Азаттыктын" дагы тогуз кабарчысына аккредитация берүүдөн баш тартты Камерундун 92 жаштагы президенти дагы шайлоого катышарын билдирди Бажы кызматынын кадрлар резервине 382 талапкердин 66сы өттү Зеленский Украинаны колдогону үчүн Трампка ыраазычылык билдирди Футбол: Урмат Абдукаимов Кыргызстандын курама командасын убактылуу машыктырат Туманбаев Балыкчынын жаңы мэри Жантаев анын бөлөсү экенин ырастады