Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун казак кызматынын дагы тогуз кабарчысына аккредитация берүүдөн баш тартты. Буга чейин бул медианын жети журналистинин аккредитациясынын мөөнөтүн узарткан эмес.
ТИМден келген катта мындай чечимге медиа уюмдун "Казакстандын мыйзамдарын такай бузуп келген фактылар" негиз болгону жазылган.
Өткөн айда казак ТИМи "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамдын 30-беренесинин 4-бөлүгүн бузган деген жүйө менен алты журналистке жана Астанадагы бюро башчысына аккредитация берүүдөн баш тарткан. Бирок "Азаттык" бул чечимди мыйзамсыз деп эсептеп, эл аралык укук менен Башмыйзам бузулганын белгилеген.
11-июлда "Эркин Европа/Азаттык" радиосу казак кызматынын жети журналистине аккредитация берүүдөн баш тартканы үчүн Казакстандын Тышкы иштер министрлигин (ТИМ) Астанадагы административдик сотко берген.
Журналисттер аккредитация мөөнөтү бүтөрдөн эки ай мурун документтерин тапшырган. Бирок министрлик эки ай ичинде жооп бербей, төрт айдан кийин гана билдирүү жөнөткөн.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосу Казакстандын ТИМи убакытты негизсиз создуктуруп, журналисттердин укуктарын жана эркин медианын ишин чектеген деп санайт. Бул акыркы эки жылдагы министрликке каршы экинчи соттук иш. 2024-жылы да 36 журналистке аккредитация берилбей калганда редакция сотко кайрылган.
Казакстанда 2024-жылдын декабрында аккредитациялоо эрежелери өзгөртүлүп, туруктуу аккредитация мөөнөтү эки жылдан бир жылга чейин кыскартылган. Убактылуу аккредитация үч айга гана берилет.
Эл аралык уюмдар, анын ичинде "Журналисттерди коргоо комитети" жана "Чек арасыз кабарчылар" бул өзгөрүүлөргө тынчсыздануусун билдирген. Казакстан сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде 180 өлкөнүн ичинен 141-орунда турат.