Камерундун 92 жаштагы президенти дагы шайлоого катышарын билдирди

Пол Бийя.

Дүйнөдөгү эң улгайган Камерундун 92 жаштагы президенти Пол Бийя ушул жылдын октябрындагы шайлоого катышарын билдирди. Бул тууралуу анын Х социалдык тармагындагы расмий баракчасына жарыяланды.

"Мен президенттикке талапкермин, менин өлкөгө кызмат кылуу тууралуу чечкиндүүлүгүм биздин өлкө кабылып жаткан чакырыктардын деңгээли сыяктуу эле чоң", - деп айтылат билдирүүдө.

Бийя Камерунду 1982-жылдан бери башкарып келе жатат. Бул өлкөдө 2008-жылы президенттик мөөнөттү чектөө алынып салган жана муну менен Бийяга шайлоого чексиз катышууга жол ачылган. Эгерде ал октябрдагы шайлоодо жеңсе, 99 жашка чыкканга чейин президент болот.

Коомчулукта анын саламаттыгына байланыштуу талаш-талкуу токтобой келет. Ар кандай божомолдор былтыр анын жагдайы 42 күн белгисиз болуп калганда күчөгөн. Бийлик президенттин ден соолугу жакшы экенин айтып, улуттук коопсуздукту жүйө кылып, бул теманы ачык талкулоого тыюу салган.

Бийя сегизинчи жолу шайлоого барары тууралуу сөздөр буга чейин эле айтылып келген, бирок расмий бышыктала элек болчу. Анын талапкерлигин бийликтеги Улуттук-демократиялык кыймыл партиясы колдойт.

Октябрдагы шайлоого катышуу ниетин бир катар оппозициячыл саясатчылар, анын ичинде Мауриса Камто, Жошуа Оси, Акеру Муну жана Кабрала Либии дагы билдирди. Алар Бийиянын бир канча жылдан бери бийликти бербей башкарып келе жатканын сындап келишет. Ошондой эле шайлоо жараянын ачык-айкын кылууну дагы талап кылышкан.

Камерунда экономикалык каатчылык, англис тилдүү аймактарында жикчил мүнөздөгү жаңжалдар жана өлкөнүн түндүгүндөгү террор коркунучу өңдүү бир катар маселелер бар.

Дагы караңыз

Бажы кызматынын кадрлар резервине 382 талапкердин 66сы өттү Украинанын чабуулунан Воронежде кеминде 16 адам жараат алганы кабарланды Зеленский Украинаны колдогону үчүн Трампка ыраазычылык билдирди Футбол: Урмат Абдукаимов Кыргызстандын курама командасын убактылуу машыктырат Туманбаев Балыкчынын жаңы мэри Жантаев анын бөлөсү экенин ырастады Ысык-Көлдө жээкке кирүүгө акы алынган учурлар иликтенип жататОрунбеков Балыкчынын жаңы мэри Жантаев Туманбаевдин "шакирти" экенин айттыСадыр Жапаров Султан Кермалиевди Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотту