Орусия Украинанын бир нече аймагын аткылады, төрт адам набыт болду

Орусиянын армиясы 12-июлга караган түнү Украинанын бир канча аймагына жапырт чабуул жасады.

Украин президенти Владимир Зеленский 20дан ашык ракетанын, 600дөй дрондун теңинен көбүнүн мизи кайтарылганын билдирди. Ал мындай чабуулдарда Черновцы шаарында эки адам набыт болгонун, бери дегенде төрт киши жараат алганын маалымдады. Зеленский абадан коргонууну чыңдоо зарылдыгын дагы кайталады.

Маалыматтарга караганда, соңку соккуларда Запорожье облусунда дагы эки адам набыт болду.

Львовдун мэри Андрей Садовой бул шаар согуш башталгандан бери дрондордун тынымсыз чабуулуна кабылганын айтты. Анда алты адам, анын ичинде 11 жашар бала жараат алды. Бир катар имараттар талкаланып, электр зымдар үзүлдү.

Соцтармактарда чабуулдарда Львовдогу “Электрон” корпорациясынын имараты бутага алынганы тууралуу кабарлар чыкты.

Орусиянын Коргоо министрлиги ишембиге караган түнү Украинанын 33 дрону атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Согуш маалында бул билдирүүлөрдү бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Дагы караңыз

Казакстан Ооганстанда темир жол куруу долбооруна катышат Милиция соцтармакта "Тапсаң сеники" деген оюн уюштурган жаранга эскертүү бердиЗеленский курал-жарак алууда "оң жылыш" бар экенин айттыБайсалов үч жашка чейинки балдардын баарына жөлөк пул берүүнү сунуштадыӨзбекстанда дарыга ууланып майып болуп калган кыз мерт болдуТИМ: АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен виза маселеси талкууландыСадыр Жапаров жалган маалымат таратууга жаза каралган экинчи мыйзамга кол койду Жалал-Абад: жыл башынан бери эрте никеге турган 69 учур катталды ИИМ милиция кызматкери сулата чапкан жарандын окуясы тууралуу түшүндүрмө берди