Казакстан Ооганстандагы ири долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде темир жол курууга катышууга кызыкдар. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Кабул шаарында талиб өкмөт өкүлдөрү менен жолугушууда айтты.
Ооган өкмөт башчысынын экономика боюнча орун басары Абдул Гани Барадар Торгунди-Герат темир жолун куруу долбооруна Казакстан 500 миллион сом инвестиция салары тууралуу келишимге кол коюлганын кабарлады.
Казак тарап болсо инвестициянын көлөмү тууралуу азырынча так маалымат бере элек.
Учурда Казакстан Ооганстанга негизинен ун, буудай экспорттойт. Ооганстан болсо бул өлкөгө мөмө-чөмө, кургатылган жемиш жөнөтөт.
Казакстан расмий түрдө талиб өкмөтүн тааный элек. Бирок Астана былтыр "Талибанды" ишмердигине тыюу салынган уюмдардын катарынан чыгарган. Көп өтпөй Кыргызстан дагы ушундай кадамга барган.
Ушул жылдын апрель айында Орусия дагы "Талибан" кыймылы террордук уюмдардын тизмесинен чыгарган.
2021-жылы августта талибдер Ооганстандын бардык аймагын көзөмөлгө алган соң Кабул шаарын эч кандай каршылыксыз басып алышкан.
Батыш мамлекеттери "Талибанды" Ооганстандын легитимдүү өкмөтү катары тааныбайт.