Милиция соцтармакта "Тапсаң сеники" деген оюн уюштурган жаранга эскертүү берди

Бишкек шаардык милициясы Инстаграмда "Тапсаң сеники" деген баракча аркылуу оюн уюштурган жаранга эскертүү берилгенин билдирди. Ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи мындай оюн уюштурбоо тууралуу убада бергенин кабарлады.

Мунун алдында социалдык тармактарда топтошкон адамдар талаа аралап, көчөлөрдү кыдырып, кандайдыр бир баалуу буюмдар катылган жерди издеп жатканы тартылган видеолор тараган жана бул оюн “Тапсаң сеники” аттуу баракча аркылуу уюштурулуп жатканы белгилүү болгон.

"Аталган факт Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында катталып, тергөө иштери башталган. Ыкчам чаралардын негизинде 1993-жылы туулган Ж.Ж. аттуу жаран аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилген. Ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындан ары коомчулукка терс таасирин тийгизген маалыматтарды социалдык тармактарга жарыялабоого убада берди. Милиция социалдык тармактардын бардык колдонуучуларын ачык маалымат жарыялоодо жоопкерчиликтүү болууга жана этиканын нормаларын сактоого чакырат",- деп жазылган маалыматта.

Бишкек милициясы ошондой эле ал жарандын коомчулуктан кечирим сураган видеосун да жарыялады.

Соцтармактарда колдоочуларды көбөйтүү, таанымал болуу максатында буга чейин дагы коомчулукта талаш-талкуу жараткан ар кандай оюндар уюштуруп келген.

Дагы караңыз

Зеленский курал-жарак алууда "оң жылыш" бар экенин айттыБайсалов үч жашка чейинки балдардын баарына жөлөк пул берүүнү сунуштадыӨзбекстанда дарыга ууланып майып болуп калган кыз мерт болдуТИМ: АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен виза маселеси талкууландыСадыр Жапаров жалган маалымат таратууга жаза каралган экинчи мыйзамга кол койду ИИМ милиция кызматкери сулата чапкан жарандын окуясы тууралуу түшүндүрмө берди