Байсалов үч жашка чейинки балдардын баарына жөлөк пул берүүнү сунуштады

Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов үч жашка чейинки балдардын баарына жөлөк пул берүүнү кайра киргизүүнү сунуштады.

Ал 11-июлда өкмөттө жакырчылыкты азайтууга арналган жыйында колу жука үй-бүлөлөрдүн балдарынын 21% гана, тактап айтканда 54 миң үй-бүлөдөгү 194,8 миң эле бала жөлөк пул аларын “улуттук жаңжал” деп атады. Анын ырасташынча, өлкөдө бир миллиондой, башкача айтканда, ар бир үчүнчү бала жакырчылыкта жашайт.

Мындан улам ал өкмөттү жана депутаттарды үч жашка чейинки ар бир балага жөлөк пул берүүнү киргизүү маселесин карап көрүүгө чакырды.

Былтыр президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамга бийик тоолуу жана алыскы аймактарда, өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган үй-бүлөлөргө мамлекеттик социалдык колдоо көрсөтүү боюнча өзгөртүү киргизүүгө кол койгон. Мыйзам 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Ал үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан, үчүнчү жана ар бир кийинки бала төрөлгөндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин ай сайын берилүүчү "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" жөлөкпулу деп аталат.

Кыргызстанда азыр 16 жашка чейинки балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын бир балага 1200 сомдон "үй-бүлөгө колдоо" жөлөкпулу төлөнөт. Бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган үй-бүлөлөр үчүн жөлөкпулдун өлчөмү аймактык коэффициент менен эсептелинет. Бирок жөлөк пул алуудагы түйшүк, кыйынчылыктар тууралуу маал-маалы менен нааразылык айтылып турат.

Кыргызстанда 2018-жылдын башынан тартып ымыркай төрөлгөндө "Балага сүйүнчү" деп аталган жөлөкпул – 4000 сом берилет. Өкмөт 2019-жылы күздөн тартып үй-бүлөдө үч же андан ашык эм төрөлгөн шартта жарык дүйнөгө келген ар бир бала үчүн 50 миң сомдон бере баштаган.

Дагы караңыз

Өзбекстанда дарыга ууланып майып болуп калган кыз мерт болдуТИМ: АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен виза маселеси талкууландыЗеленский курал-жарак алууда "оң жылыш" бар экенин айттыСадыр Жапаров жалган маалымат таратууга жаза каралган экинчи мыйзамга кол койду Жалал-Абад: жыл башынан бери эрте никеге турган 69 учур катталды ИИМ милиция кызматкери сулата чапкан жарандын окуясы тууралуу түшүндүрмө берди