ТИМ: АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен виза маселеси талкууланды

Лесли Вигери менен Алмаз Имангазиев.

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев 11-июлда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолукту. Анда тараптар расмий Вашингтондун кыргыз жарандарына визанын мөөнөтүн кыскарткан чечими талкууланды.

“Алмаз Имангазиев мындай өзгөртүүлөргө байланыштуу кыргыз тараптын тынчсыздануусун билдирип, бул маселени талкуулоодо конструктивдүү жана предметтүү мамиле кылууну айтып, өз ара кызыкчылыкты сактоо маанилүүлүгүн белгиледи. Өз кезегинде элчи Лесли Вигери кыргыз жарандарынын АКШнын визалык саясатына киргизилген миграциялык өзгөртүүлөрү тууралуу маалымат берди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгуу үчүн консультацияларды улантууну макулдашты”,- деп жазылган Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) тараткан маалыматта.

Мунун алдында аталган министрлик АКШ кыргыз жарандарына виза мөөнөтүн кыскартканына байланыштуу комментарий берип, мындай чечим расмий Бишкекке алдын ала маалымат берилбестен кабыл алынганын кабарлаган.

АКШнын Мамлекеттик департаменти бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтү кыскарганын билдирген. Анда мындай чечим АКШнын президенти Дональд Трамптын “АКШны чет элдик террористтерден жана башка улуттук жана коомдук коркунучтардан коргоо” буйругуна ылайык кабыл алынганы белгиленген.

Ага ылайык, кыргыз жарандарына мурда B-1/B-2 визасы он жылдык мөөнөткө чейин берилсе, мындан ары үч ай болуп кыскарган жана бул виза менен АКШга бир гана жолу кирүүгө болот.

B-1/B-2 визалары – АКШга убактылуу иш сапар (B-1) же туристтик, эс алуу жана туугандарга жолугуу максатында (B-2) баргысы келгендерге берилет. Бул визаларды алуу үчүн талапкерлер АКШдан кайра кайтарын далилдеши керек. Кыргызстандыктардын көбү визанын ушул түрүн тандашат.

Өткөн айда АКШ 36 мамлекеттин катарында Кыргызстандын жарандарына да өз аймагына кирүүгө тыюу салышы мүмкүн экени тууралуу маалымат жарыяланган. Washington Post гезити 15-июнда Мамлекеттик департаментинин катына шилтеме кылып жазган тизмеге Кыргызстан, Египет, Жибути, Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания жана Африка, Кариб, Тынч океан аймагындагы өлкөлөр кирген.

Андан соң Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси Бишкектеги АКШ элчилиги жана Вашингтондогу кыргыз элчиси Айбек Молдогазиев сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Министрлик АКШда соңку жылдары кыргызстандык жарандар виза режимин, анын ичинде туристтик (B1/B2), студенттик (F, J, M) визалар менен кирген соң талаптарды аткарбай койгондор көбөйгөнүн белгилеп, мекендештерди мыйзамды так сактоого чакырган.

Былтыр B-1/B-2 визаларын сураган кыргызстандыктардын арыздарынын 39,14% четке кагылган. Бул тууралуу Мамлекеттик департамент былтыр жарыялаган отчетто белгиленген. Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдө бул көрсөткүч мындан жогору болгон.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров жалган маалымат таратууга жаза каралган экинчи мыйзамга кол койду Жалал-Абад: жыл башынан бери эрте никеге турган 69 учур катталды Бажы кызматынын кадрлар резервине тапшыргандардын 82,2% үчүнчү турга өтпөй калды ИИМ милиция кызматкери сулата чапкан жарандын окуясы тууралуу түшүндүрмө берди Бээжинде Барскоон - Үчтурпан - Аксуу жолун куруу маселеси талкууланды