Кыргызстан менен Орусиянын акыйкатчылары Бишкектеги №1 тергөө абагына барды

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева жана Орусиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова. Бишкек, 2025

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева жана Орусиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына барды. Акыйкатчы институнунун басма сөз кызматы билдиргендей, Москалькова Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында тергөө абагынын шарттары жана анда кармалгандардын укуктарынын камсыздалышы менен таанышты. Укук коргоочулар камераларды кыдырып, тергөө абагында отурган 20дай адам менен баарлашышты. Алар Кыргызстандын жана Орусиянын жарандыгы бар беш кишиге укуктук консультация беришти.

Маалыматка караганда, камакка алынгандардан кармоо шарттарына даттануулар түшкөн эмес, айрымдары кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүнө нааразылык билдиришкен.

Жаманбаева менен Москалькова тергөө абагындагылардан келип түшкөн кайрылуулар боюнча биргелешип иштөө боюнча макулдашты.

Бишкектин Жукеев-Пудовкин жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тергөө абагында сот чечими чыга элек кылмышка шектүүлөр отурат. Учурда бул жайда канча киши кармалып турганы белгисиз. Укук коргоочулар абакта кармалгандардын шарты начар экенин айтып келет. (КЕ)

Дагы караңыз

Украина: бир күндө согуш тилкесинде 200дөн ашуун кармаш катталдыЖурналисттер Украинада 118 миңден ашуун орус жана чет элдик жарандар каза болгонун тактады ИИМ милиция кызматкери сулата чапкан жарандын окуясы тууралуу түшүндүрмө берди Садыр Жапаров жалган маалымат таратууга жаза каралган экинчи мыйзамга кол койду