Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушууда өз өлкөсү Москванын "Украинадагы аракеттерин шартсыз жана толук колдоого" даяр экенин айтты. Бул тууралуу Түндүк Кореянын расмий маалымат агенттиги ЦТАК билдирди.
«Жолдош Ким Чен Ын Корея Элдик Демократиялык Республикасы мындан ары да Орусиянын жетекчилигинин Украинадагы кырдаалды түп-тамырынан чечүү боюнча бардык чараларын шартсыз колдой турганын дагы бир жолу ырастады».
Сергей Лавров Түндүк Кореяда үч күндүк расмий сапар менен жүрөт. Ал сапар учурунда Пхеньяндын Орусияга көрсөткөн аскердик колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
«Биздин кореялык достор атайын аскердик операциянын бардык максаттарын толук колдой турганын тастыкташты», — деп айтты ал.
Айрым маалыматтарга караганда, Түндүк Корея Орусияга кошумча аскердик жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Курск облусундагы салгылашка Түндүк Кореядан аскер жөнөтүү тууралуу чечимди Пхеньян кабыл алганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, Москва бул сунушту “тилектештиктин чыныгы көрүнүшү” катары кабыл алган. Лавров эки өлкөнүн алака-катышын “жеңилгис боордоштук” катары сыпаттады.
“Бизде тилектештиктин чыныгы көрүнүшүнөн баш тартууга кандайдыр бир себеп болгон эмес. Түндүк Корея стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимибизди кандай аткарарын өзү билет деген ойдобуз”,-деди Лавров түндүк кореялык кесиптеши Цой Сон Хи менен жолугушуудан кийин.
Лавров ошондой эле эки өлкөнүн лидерлери такай байланышта экенин белгиледи.
Цой Сон Хи болсо Пхеньян Орусиянын аракеттерин токтоосуз колдорун, мамлекеттер аралык келишимдеги бардык жоболорду кынтыксыз аткарарын айтты.
Ушул жылдын апрель айында Reuters жана AFP агенттиктери Түштүк Корея парламентинин чалгын боюнча комитетинин өкүлүнө таянып Орусия Украинадагы согушка тарткан түндүк кореялык 600дөй аскер каза болуп, дагы миңдегени ар кандай жараат алганын жазып чыгышкан.
Анын алдында Пхеньян аскерлери Украинага каршы согушка аралашканын биринчи жолу ырастаган.
Ага чейин түндүк кореялык аскерлердин Курскидеги салгылаштарга катышып жатканы тууралуу расмий Сеул, Кошмо Штаттар, Батыш мамлекеттери жана украин бийлиги байма-бай кабарлап келген.
Өткөн айда Түндүк Корея Курскидеги кыйраган аймактарды калыбына келтирүүгө жардам иретинде 1000 сапёр жана 5000 аскердик куруучу жиберүүгө убада берген. Май айында бул өлкөдөн жалпы 15 миңдей мигрант келгени белгилүү болгон.
Орусиянын армиясы 12-июлга караган түнү Украинанын бир канча аймагына жапырт чабуул жасады.
Украин президенти Владимир Зеленский 20дан ашык ракетанын, 600дөй дрондун теңинен көбүнүн мизи кайтарылганын билдирди. Ал мындай чабуулдарда Черновцы шаарында эки адам набыт болгонун, бери дегенде төрт киши жараат алганын маалымдады. Зеленский абадан коргонууну чыңдоо зарылдыгын дагы кайталады.
Маалыматтарга караганда, соңку соккуларда Запорожье облусунда дагы эки адам набыт болду.
Львовдун мэри Андрей Садовой бул шаар согуш башталгандан бери дрондордун тынымсыз чабуулуна кабылганын айтты. Анда алты адам, анын ичинде 11 жашар бала жараат алды. Бир катар имараттар талкаланып, электр зымдар үзүлдү.
Соцтармактарда чабуулдарда Львовдогу “Электрон” корпорациясынын имараты бутага алынганы тууралуу кабарлар чыкты.
Орусиянын Коргоо министрлиги ишембиге караган түнү Украинанын 33 дрону атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Согуш маалында бул билдирүүлөрдү бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Кошмо Штаттарынан жана Европа Биримдигинен курал алууда “оң жылыш” бар экенин айтты. Ал жума күнкү кечки видео кайрылуусунда Киев армиянын күчтөндүрүү, абадан коргонуу системасын жакшыртуу жаатында өнөктөштөрү менен активдүү иштеп жатканын билдирди.
"Биз азыр өнөктөштөр менен курал алуу, Украинада курал-жарак чыгаруунун көлөмүн көбөйтүү, армиябызды жакшылап камсыздоо жаатында иштеп жатабыз. Жакшы макулдашуулар бар жана биз жаңысын күтүп жатабыз. Биз бул жаатта эң жогорку деңгээлдеги саясий ишараттарды ошол эле Америка Кошмо Штаттарынан жана европалык досторубуздан алдык. Бардык докладдарга ылайык (курал-ред) жөнөтүү жанданды",-деди Зеленский.
АКШнын президенти Дональд Трамп 7-июлда Украинага кошумча курал-жарак жөнөтүлөрүн билдирген. Ал соңку учурда орус президенти Владимир Путиндин аракеттерине нааразы экенин кайталап келет.
Ушул айдын башында Вашингтон Киевге курал-жарактын айрым түрлөрүн берүүнү токтоткону белгилүү болгон.
Мындай чечим Коргоо министрлиги АКШнын башка өлкөлөргө көрсөтүп жаткан аскердик жардамын карап чыккандан кийин, Американын улуттук кызыкчылыктарын биринчи орунга коюу чечими кабылганы менен байланыштырылган.